Акыркы эки жыл аралыгында Ысык-Көлдө жаңы типтеги Асман шаарын куруу жөнүндө айтылып келди. Эми мына ушул күндүн сааты жетип, бүгүн Президент Садыр Жапаров келечектин шаарын курууга старт бермекчи.
Асмандын курулушуна карата жергебизде жаңы типтеги, жаңы цивилизацияны, жаңы шаар турмушун алып келген шаар курулат деп кудуңдагандар да, “ой, бул шаардын кереги деле жок болчу” деп кол шилтегендер да бар. Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Себеби, ушунчалык масштабдуу жана өтө чоң каражатты талап кылган курулушту батынып баштоого да бекем эрк жана жоопкерчилик керек. Буга ар кимдин эле эрки жете бербейт. Президент Садыр Жапаров бийликке келген мезгилден баштап мына ушул чоң ишти колго алып, ишке ашырууга бел байлап отурат.
Келечектин экологиялык таза шаарын курууга мамлекеттин бюджеттик каражаттарынан бир да тыйын жумшалбай, тышкы инвесторлордун эсебинен курулат. Долбоор наркы 20 млрд долларга тете. Курулушту баштоого Түштүк кореялык компания 1 млрд доллар акча каражатын салууда. Шаар Ысык-Көлдүн түндүк жагында Балыкчы шаарынан болжолдуу 15 чакырым аралык жерде курулат. Асман шаары 7-10 жыл аралыгында курулуп бүтүшү болжолдонуп жатат. Долбоордун авторлорунун концепциясы боюнча шаар экономикалык жана туристтик борбор болот. Мында окуу жайлар курулуп, билим берүүнүн алдыңкы системалары киргизилип, заманбап ден соолукту чыңдоочу жана бизнес борборлор, стадиондор, жогорку технологиялар паркы жана финансы-кредиттик мекемелер курулат. Бардык курулуштар “акылдуу шаар” тибинде таза экологиялык жана жогорку технологиялык жетишкендиктерге, “жашыл экономика” принцибине негизделип жүргүзүлөт. Долбоорго ылайык, Асман толук экологиялык таза шаар катары көмүр же күйүүчү май колдонулбай бардык кыймыл-аракет электр кубаты менен болот. Демек, энергиянын кайрадан жаралчу альтернативалык булактарынын курулушуна жана аны толук кандуу пайдаланууга жол ачылат.
Албетте, келечектин Асман шаарын сүрөттөп жатып биздин шартта анын канчалык реалдуулугуна шек санап кетишибиз да мүмкүн. Бирок бардык адаттан тыш сезилген ири иштер ошентип кол жеткистей көрүнүп, качан ишке ашканда гана улуу ишке айланат эмеспи. Кыргызда “көз коркок, кол баатыр” деп коёт. Кереметтүү Ысык-Көл жеринде башталган улуу иштин учугу уланып, аягына чыгуусу үчүн субъективдүү жана объективдүү шарттар бар деген ойдобуз. Биринчиси, Мамлекет башчысынын бекем эрки болсо, экинчиси бейиштин жериндей болгон Көлүбүз кимдин да болбосун көңүлүн бурбай койбойт. Ушундай ажайып жерге шаар курууга кандай инвестор болбосун кызыкпай койбосо керек. Асмандын курулушу өлкө экономикасынын бардык тармактарынын өнүгүүсүнө шарт түзүп, жаңы жумуш орундарын түзөөрү айкын иш. Ушундай ири долбоорду ишке ашырууда жергиликтүү курулуш материалдарына, тамак-аш продуктуларына жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талап өсүп, элдин турмушуна оң таасирин берет. Келечектин шаарынын инфраструктурасынын түзүлүшү ошол аймактын экологиясы үчүн, айрыкча саркынды суу системасынын түзүлүшүнө да өбөлгө боло алат.
Касиеттүү кыргыз жеринде Асман деген аталыштагы үстүртөн караганда кыргыздын музыкалык аспабы комузду элестеткен шаардын курулушун баштоо бул чынында улуу иш. Кайсы бир мезгил өткөндө Дубай сыяктуу эле кыргыздын Асман шаарынын аты ааламга угулуп, туристтер бир келип кетүүгө куштар болгон шаарга айланат деген тилектебиз.
Бир кездеги балык уулоо, кайык жасоо жана бермет чогултуу менен алектенгендердин кичинекей айылы болгон Дубай шаары бүгүн дүйнөлүк маданий жана соода борборуна айланып, туристтердин сүйгөн жайына айланды. Шаар учурунда чийки зат — нефти өндүрүүгө көз каранды болгон, азыр нефти сатуу кирешенин 10%ын гана түзсө, туризм 20%дан ашат. Дубай бүгүн өзүнүн кооздугу жана соодасатыктын очогу катары планетанын ар бурчунан туристтерди өзүнө тартууда. Кезинде ошол жерде дүйнөлүк маанидеги кооз шаар курулат десе эч ким ишенбесе керек. Ошондой эле Асман шаары да бүгүн бирөөлөргө “жомок” сезилип жатышы мүмкүн. Бирок, жомоктордун баары бир убакта турмуштан алынганын эске алсак, куру жомок болбосун түшүнүүгө болот.