"Эркин-Тоо"

Астанада кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды

Бүгүн, 26-октябрда Астана шаарында кыргыз киносунун күндөрү расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, ачылышта Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, кино күндөрүнүн делегация жетекчиси Мукталы Бектеналиев жана Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт вице-министри Нуркиса Дауешов сөз сүйлөдү.
Анда эки өлкөнүн ортосундагы алмустактан келе жаткан кино ишмерлеринин чыгармачылык байланышы, ошондой эле, соңку жылдары Кыргызстан менен Казакстандын маданият жана кинематография жаатындагы жигердүү өнүгүп жаткан мамилелери даңктуу тарыхка ээ экендиги сыймыктануу менен белгиленди.
Кино күндөрүнүн ачылышына эки өлкөнүн кино ишмерлери, Астанада жашап жана иштеп жаткан мекендештер жана жалпы кыргыз киносунун күйөрмандары катышты.
Кыргыз киносунун күндөрү 29-октябрга чейин уланып, Астана шаарындагы «Керуен» оюн-зоок-соода комплексинини кино залында өтөт. Кинолор күнүгө эки ирет, саат 12:00 жана 19:00 акысыз көрсөтүлүп турмакчы.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!