8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Астана шаарында V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Аталган оюндарга катыша турган Кыргызстандын курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болгону кабарланды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди. Параддык жана спорттук экипировканы ата мекендик компания даярдаган.
Парадга калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым тигилсе, спорттук форма үчүн кепка, бомбер куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзак даярдалган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган Кыргызстандын курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду