"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Астанада изилдөө баяндама жарыяланды

Казакстандын борбору Астана шаарында Кытайдын Синьхуа маалымат агенттигинин Изилдөө институту «Борбор Азия — Кытай рухунун өнүгүшү- жетишкендиктер, мүмкүнчүлүктөр жана региондук кызматташуунун келечеги» аттуу аналитикалык баяндаманы жарыялады.

Документте Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуунун негизги жыйынтыктары, мүмкүн болуучу багыттар жана келечектеги өнөктөштүктүн перспективалары кеңири каралган.

Баяндаманын биринчи бөлүмүндө соңку жылдардагы кызматташуунун жети негизги жетишкендиги белгиленет. Алардын катарында соода-экономикалык байланышты чыңдоо, транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү, энергетика тармагындагы чынжырлуу кызматташтыкты тереңдетүү, жашыл экономика жаатындагы инновациялык аракеттер жана Борбор Азиядагы ички өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери камтылган. Ошондой эле баяндаманын маанилүү бөлүгү катары цивилизациялар аралык диалог жана региондогу тынчтык менен коопсуздукту камсыздоо маселелери көрсөтүлгөн.

Экинчи бөлүм региондук кызматташтыктагы жаңы мүмкүнчүлүктөргө жана актуалдуу чакырыктарга арналган. Бул багытта Кытайдын ачык экономикасы, санариптик жана экологиялык технологиялар тармагындагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү, геоэкономикалык кеңейүү жана коопсуздук тобокелдиктери талдоого алынган.

Үчүнчү бөлүмдө региондук деңгээлдеги “жалпы тагдырлуу коомчулукту” түзүү концепциясы сунушталат. Өз ара колдоо, биргелешкен өнүгүү, коопсуздук тосмосун түзүү жана эл аралык достукту чыңдоо өңдүү маселелер региондогу туруктуулуктун жана гүлдөп-өсүүнүн негизи катары көрсөтүлгөн.

Жыйынтыктоочу бөлүгүндө Кытай менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну жаңы баскычка көтөрүүгө чакырык ташталып, өз ара ишеним жана теңата өнөктөштүк негизиндеги мамилелерди өнүктүрүү сунушталат.

Аталган баяндаманын мазмуну Борбор Азия менен Кытайдын кызматташтыгын андан ары тереңдетүүгө жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө өбөлгө болоору күтүлүүдө.