"Эркин-Тоо"

Астанада Кыргызстан менен Өзбекстандын ТИМ башчылары жолукту

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстандын ТИМ башчысынын милдетин аткаруучу Бахтиёр Саидов менен жолукту.

КР ТИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу 28-февралда Астана шаарында “Борбордук Азия +АКШ” (С5+1) министрлеринин жыйынынын алкагында өттү.

Эки өлкөнүн тышкы саясат ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек кызматташтыгынын күн тартибинин учурдагы маселелерин талкуулашты.

«Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыктарын жүзөгө ашыруунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулду. Ошону менен бирге министрлер эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги алдыдагы тышкы саясаттын иш-чаралары боюнча сааттарды тууралашып, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алышты», — деп айтылат билдирүүдө.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!