"Эркин-Тоо"
Иш-жума

АСТАНАДА МАНАСТЫН ЭСТЕЛИГИ ОРНОТУЛАТ

Президент Садыр Жапаров Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовду кабыл алды. Министр Айкөл Манастын эстелигин кошуна Казакстандын борбору Астана шаарында орнотуу боюнча Президентке маалымат берип, эстеликтин эскизинин долбоору менен тааныштырды. Белгилей кетсек, эстеликти орнотуу боюнча макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы 2020-2023-жылдарга кызматташтык боюнча Координациялык планында камтылган. Скульпторлордун жана сүрөтчүлөрдүн арасында өткөрүлгөн конкурста скульптор Үрүстөмбек Пазылов, архитектору болуп Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери Улан Бейшенбаев тандалган. Эстеликтин постаменти граниттен, тулкусу колодон жасалат. Президент Садыр Жапаров Айкөл Манастын образы жана духу эстеликте мыкты чагылдырылышы үчүн алдыда аткарыла турган иштерди жогорку деңгээлде камсыз кылууну тапшырды.

Бегим ТУРДАЛИЕВА