19-апрелде Астана шаарында Кыргызcтан менен Казакстандын президенттери Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болуп өттү.
“Акорда” президенттик сарайында Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинген, Ардак кароол тизилип, килем төшөлгөн.
Мамлекет башчылары бири-бири менен учурашкандан кийин өздөрүнүн расмий делегацияларын тааныштырып, Ардак кароолдун ротасынын командиринин рапортун кабыл алышты.
Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик гимндери жаңырды. Андан ары өлкө лидерлери тизилген катардын алдынан өтүштү.