Күн мурун Казакстандын борбору Астана шаарында “Кытай – Борбордук Азия” маалымат агенттиктеринин форумунун алкагында “Синьхуа — Чанъандагы түн” аттуу маданий иш-чара болуп өттү.
Кечени Кытайдын “Синьхуа” маалымат агенттиги менен Казакстандын президентинин Телерадиокомплекси биргелешип уюштурган. Иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Маданий кеченин жүрүшүндө Кытайдын бай тарыхый мурастары, салттуу музыкасы, улуттук бийлери жана көркөм өнөрү тартууланды. Театрлаштырылган көрүнүштөр, салттуу кийимдердеги чыгармалар жана кооз жасалгалар аркылуу Чанъан шаарынын бай маданий мурасы көрүүчүлөрдүн назарына коюлду.
Иш-чарада Кытай цивилизациясынын көп кылымдык тарыхы, улуттук каада-салттары жана көркөм дүйнөсү көрсөтүлүп, маданияттар ортосундагы өз ара байланышты бекемдөөгө өзгөчө көңүл бурулду.
Уюштуруучулардын айтымында, маданий түн элдердин ортосундагы түшүнүшүүнү тереңдетүүгө, ошондой эле маалымат каражаттары аркылуу достук жана кызматташтык алакаларын өнүктүрүүгө багытталган.

