"Эркин-Тоо"

Астанада жаштар форуму өтүүдө

Казакстанстандын Астана шаарында II Казак-Кыргыз жаштар форуму өтүүдө.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, форумга эки өлкөнүн активдүү жаштары катышууда.

Кыргызстандын делегациясын маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Марат Тагаев баштап барган. Алардын катарында маданият, ыктыярчылык, жасалма интеллект, экология, блогерлик, жаштар саясаты жана актуалдуу тармактарда жигердүү эмгектенип, ийгилик жаратышкан 30га жакын лидер жаштар бар.

Форумдун жүрүшүндө казак-кыргыз жаштары «Климаттык активдүүлүк-эки өлкөнүн жаштарын баш коштуруунун куралы катары», «Санариптик келечек: Казакстан жана Кыргызстандын жаштары үчүн заманбап тренддер жана мүмкүнчүлүктөр», Казакстан менен Кыргызстандын маданият жаатындагы кызматташтыгы ж.б. темаларда баяндама жасашып, «Блогерлик», «Ыктыярчылык», «Жаш мамлекеттик кызматкерлер», «Креативдик индустрия» ж.б. багыттары боюнча диалогдук аянтчада пикир алышышты..

 

Пример HTML-страницы