"Эркин-Тоо"
Окуялар

Астанадагы вокзалдан жардыргыч зат тууралуу билдирүү келип, адамдар эвакуацияланды

19-июнь күнү кечинде Астананын темир жол вокзалында жардыргыч зат коюлгандыгы тууралуу анонимдүү билдирүү тарап, андагы жарандар эвакуацияланды. Бул тууралуу «Қазақстан темір жолы» акционердик коомунун маалыматына таянып, «Курсив Медиа» билдирди.

Билдирүү кечки саат 19:55те келип түшкөн. Окуя болгон жерге тез жардам, өрт өчүрүү жана башка куткаруу кызматтары жетип келип, тийиштүү иштерди алып барышкан. Вокзалдагы бардык жүргүнчүлөр жана кызматкерлер коопсуздук үчүн эвакуацияланган.

Текшерүүдөн кийин кооптуу зат табылган эмес жана вокзал кадимки режимде ишин уланткан.