AstraZeneca вакцинасын алгандардан каза болгон учурлар кездеше баштады, деп билдирет иорданиялык Petra мамлекеттик агенттигинин маалыматына таянып РИА Новости басылмасы . Маалыматка ылайык, 66 жаштагы адам AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин, ал 10 мүнөт өткөн соң каза тапкан.
Агенттиктин маалыматы боюнча, бул окуя Иорданияда орун алган. Ал кечээ 27-июнь күнү вакцинанын экинчи дозасын алган. Тилекке каршы дарыгерлер анын өмүрүн сактап кала алышкан жок.
Өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Фирас аль-Хаваринин билдирүүсүндө, вакцинадан каза тапкан адам бир катар өнөкөт оорулар менен ооруп жүргөн. Бирок, ал вакцинанын биринчи дозасын алганда өзүн жаман сезген эмес.
«Каза тапкан адамдын өлүмүнүн кошумча себептерин аныктоо үчүн учурда иликтөөлөр жүрүп жатат»,- дейт министр.
Эске салсак, буга чейинки маалыматтарга ылайык AstraZeneca вакцинасынын алгачкы чыгарылган партиясы менен эмделген бейтаптар арасында тромбозго чалдыккандар катталган болчу.

