Чет өлкөдөн алынып, Кыргызстанда өндүрүлгөн асыл тукум букалардын уруктары республиканын ири мүйүздүү малга болгон муктаждыктарынын 10 пайызга жакынын гана камсыздайт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги кабарлап, муктаждыкты жоюу үчүн республикалык бюджеттен 60,8 млн сом бөлүнгөндүгүн билдирди.
Каражатка асыл тукум малдын 270 миң доза уругу сатылып алынат. Аларды аймактардагы техник-уруктандыруучуларга бекер таратуу пландалууда.