Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков жана Төрөбай Зулпукаров 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камалды. Мындай чечим кечээ, 31-майда Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Кармалган депутаттарга Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылды.
Эске салсак, 31-май күнү УКМК «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысына байланыштуу мурдагы жогорку кызматтагы адамдар кармалгандыгы тууралуу билдирүү тараткан. Камакка мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов, Жогорку Кеңештин экс-депутаттары Исхак Пирматов менен Талантбек Узакбаев алынды.