"Эркин-Тоо"
Кырсык

Асылбекова Сальмина Асылбековна изделет!

2021-жылдын 3-майында, Жайыл районунун Ички иштер бөлүмүнө 1968-жылы туулган С.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, кызы 2005-жылкы Асылбекова Сальмина Асылбековна, 2021-жылдын 25-апрелинде күндүзгү саат 12:00дө Кара-Балта шаарында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайра кайтып келбегенин билдирген.


Өзгөчө белгилери: бою -165-168 см, чачы -узун, кара түстө, көзү-күрөң.

Кийген кийими: кара классикалык шым, ачык боз түстөгү гүлдүү рубашка. Бутуна ак түстөгү спорттук бут кийим кийип жүргөн.

Белгилей кетчү жагдай: учурда дайынсыз болгон Сальмина Асылбекова буга чейин бир нече ирет үйүнөн качып кетип, милиция кызматкерлери тарабынан табылып, үйүнө кайтарылган. Ушул себептен, апасы кызын кайтып келет деп күткөн. Ушул мезгилге чейин дайынсыз болгондуктан, ал арыз менен май айында гана кайрылган.

Кыз тууралуу ыкчам маалымат боюнча, учурда ал Бишкек шаарында болушу мүмкүн.

Өтүнүч,  Асылбекова Сальмина Асылбековна жөнүндө кандайдыр бир маалыматка ээ болгондор, төмөндөгү телефон номерлерине кабарлаңыздар: 

Чүй облустук ИИББ нөөмөт бөлүмү  — (0312) 43-01-27, (0312) 43-88-85,

Жайыл Райондук ИИБ нөөмөт бөлүмү — (0312) 22-15-58, 0709 317 474