"Эркин-Тоо"

Ат-Башы ГЭСин оңдоого 2,5 млрд сом жумшалды

Кыргызстан менен Швейцариянын Экономикалык маселелер боюнча мамлекеттик катчылыгынын (SECO) кызматташтыгынын алкагында Ат-Башы ГЭСин реконструкциялоо долбоору 2023-жылы ийгиликтүү аяктаган. Бул максатка 24,7 миллиондон 22,4 миллион швейцар франкы (2,5 млрд сомго жакыны) бөлүнгөн. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор 2023-жылы аяктаган.

Белгиленгендей, долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында электр энергиясынын өндүрүмдүүлүгү жогорулап, ГЭСтин техникалык жоготуулары азайган. ГЭСтин орнотулган кубаттуулугун 14%га чейин көбөйтүү менен станциянын ишинин ишенимдүүлүгү жана коопсуздугу камсыз кылынган, ал эми ГЭСтин пайдалануу мөөнөтү 35-40 жылга көбөйгөн.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!