"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда Жаңылыктар

Ат-Башы райондук жол тейлөө ишканасына жаңы техникалар берилди

Нарын облусунун Ат-Башы райондук №20 жол тейлөө ишканасына эки жаңы атайын техника тапшырылды. Бул тууралуу Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов билдирди.

Техникалар (бульдозер жана жүктөгүч (погрузчик)) «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондунун колдоосу менен 18 миллион сомго сатылып алынган. Анын ичинен 100 миң сому ишкананын өздүк салымы, ал эми 17 млн 900 миң сому фонд тарабынан каржыланган.

Быйыл Ат-Башы району боюнча жалпысынан 15 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Анын ичинде Ат-Башы–Кында–Торугарт жолунун 7 чакырымы, Чар-Ак-Муз жолунун 3 чакырымы жана Ача-Кайыңды–Май-Босого жолунун 5 чакырымы камтылган.

Эске салсак, ушул жылдын апрель айында жогоруда аталган ишканага министрлик тарабынан дагы 8 техника берилген.