"Эркин-Тоо"

Ат-Башыда Көлбаевдин адамдарына тиешелүү жер жана объектилер мамлекетке кайтарылды

Ат-Башыда кримтөбөл маркум Камчы Асанбектин (Көлбаев) адамдарына тиешелүү жер тилкелери жана объектилер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында Ат-Башы районунун Ак-Сай өрөөнүнүн аймагындагы буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун лидери маркум Камчы Асанбектин адамдарга тийиштүү болгон «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын 76626,4 га жер аянты жана 37 млн сомдон ашык курулуш объектилери мамлекеттин балансына кайтарылды.

Р.К. аттуу жаран К. Асанбектин криминалдык көзөмөлү астында кысым көрсөтүү жана коркутуу жолу менен Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан, аянты 76626,4 га болгон «Борбордук Азия мергенчилик клубу» ЖЧКсынын аңчылык жерин төмөндөтүлгөн баа боюнча ээлеп алгандыгы аныкталды.

Турак жай-коммуналдык чарба инспекциясында катталган материалдарды тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында аталган объект тиешелүү юридикалык жана нотариалдык жол-жоболорду сактоо менен КР министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына өткөрүлүп берилди.

Ал эми баалоо экспертизасынын жыйынтыгында «Борбор Азия аңчылык клубу» ЖЧКсынын бардык объектилеринин базар наркы 37 млн сомдон ашык экендиги аныкталган.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!