Ат-Башы районунун Большевик айылында жаңы бала бакча куруу иштери башталды. Бул курулуш республикалык бюджеттин эсебинен каржыланат жана тендердик баасы 114 миллион сомду түзөт.
Жаңы бала бакча 854 чарчы метр аянтка курулуп, 120 балага ылайыкталган. Имарат эки кабаттан туруп, заманбап стандарттарга жооп бере турган материалдар жана жабдуулар менен жабдылат.
Курулуш министрлиги билдиргендей, бала бакчанын курулушу мектепке чейинки билим берүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталган.