Кыска аралыкка ат чабыш жана жаа атуу боюнча Кыргызстандан чыккан курама топтор Тажикстанда өтүп жаткан Эл аралык мелдешке катышып, 5 (1 алтын, 4 коло) медалга ээ болушту.
Чабандес Ариет Жолдошбеков 2000 метрге ат чаап, Карабаш аргымагы менен таза кандуулар арасында 3-орунду ээледи.
Жаа атууга жекелик катышуудан (U-21) Динар Бекбалиева 1-орунду, Эмирбек Машев 3-орунду ээледи. Ал эми жуптук оюнда Эмир Машев жана Динар Бекбалиева коло медалга ээ болду. Ошодой эле олимпиадалык аралык (70 м) боюнча аралаш командалык жаа атуу оюнунда Эмир Машев (U-21) 3-орунду ээледи.
Спорттук иш-чара Тажикстандын Согди облусунун Худжанд шаарында “Нооруз” Эл аралык майрамына карата өткөрүлдү.