Өмүр деген улуу дайранын башаты атадан башталат, ошондуктан атанын касиети эбегейсиз зор. Кудай Таала атага ошондой жаратмандык кудурет-күчтү, зор шыбаганы берип койгон. Кыргыз элинде: «Атанын назарынан калба», «Атага наалат келтирбе» деген накыл сөздөр бар. Бул улуу сөздөр. · 23-февраль Ата Мекенди коргоо күнүнө карата биз дагы аталар жөнүндө жазууну ылайык көрдүк. Анда эмесе коомго белгилүү, эл кызматын аркалап, элдин жүгүн көтөргөн адамдардын аталары кандай адам болгонуна назар салыңыз!
Алтай БӨРҮБАЕВ, илимпоз : “Атамды жумушунан тосуп келээр элем”
“Акыл оошот, билим жугат” дегендей, илимпоз Алтай Бөрүбаевдин атасы Асылкан Бөрүбаев да кыргыз элине таанымал инсан. Акын, паблицист, котормочу, чоң журналист жана кыргыз журналистикасынын алиппесин түзгөн адамдардын бири. Алтай ага атасы тууралуу буларды эскерди. “Мен айылда чоң ата, чоң энемдин колунда чоңоюп, студент болгондо гана өз ата-энемдин колуна шаарга келгем. Эми атам чыгармачыл адам эле. Бир топ ырлары, публицистикалык жыйнагы чыгып, котормолук иш менен да алектенчү. Яндын атактуу «Чынгызхан» романын, Борис Полевойдун «Бакыт» романын которуп, кыргыз окурмандарына сунуштаган. Атам өзгөчө гезит тармагында көп иштеди. «Советтик Кыргызстада» башкы редактордун биринчи орун басары болуп, көп жыл иштеп, андан кийин Оштогу «Ленин жолу» гезитин 25 жыл жетектеди. «Советтик Кыргызстанда» иштеп жүргөндө биздин үй Дзержинский бульварында болуп, басмаканага жакын болчу. Кээде түнкү саат 1-2де гезитке кол койгондон кийин атамды жумушунан тосуп келээр элем. Үйгө келгенде да уктабай, калган материалдарды карап уктабай чыгаар эле” – дейт Алтай Бөрүбаев. Ал кишинин илимдин артынан түшкөн мыкты адам болушуна жана инсан катары калыптанышына атасынын таасири болуптур. Окумуштуунун айтканына караганда атасы комузду да жакшы чертчү экен. Ошондон улам үйлөрүнө комузчулар, артисттер, драматург, жазуучулар көп келишчү тура.
Айылчы САРЫБАЕВ, прфессор, илимпоз: “Бир айылды баккан киши болуптур”
— “Атам Сарыбай эч ким менен урушпаган, тартышпаган, бирөөгө жаман айтпаган жоош адам болгон. Колхоздо бригадир кайда жумшаса ошол жака барып иштечү. Мал бакты, пилорамада, кырманда иштеди. Анткен менен башкармалардын бардыгы сыйлап турчу. Атам согушка чейин чоң мергенчи болуп, баягы кыйынчылык заманда кийик атып келип, бир айылды бакчу экен. Анан согуш башталып, согушка кетет. Кийин согуштан келгенден кийин таптакыр колуна мылтык кармабай калган дешет. Көрсө, пленде болгон тура” – дейт Айылчы Сарыбаев атасы Сарыбай аксакал туурасында.
Аалы ТУТКУЧЕВ, төкмө акын: “Кубанганда, кайгырганда сөзсүз атамды эстейм”
— Менин эң көп эстегеним атам. Себеби 11-классымда атам каза болуп калып, ал кишиден көп нерсени ала албай калдым. Айылда үйүбүздөн дөң башталчу, анын башында мүрзө боло турган. Бир күнү август айынын кечинде апама жардам берип жүргөм. Мен ушундай сезчүмүн. Дүйнөнүн эң күчтүүсү Кудай, андан кийин Манас ата, андан кийин менин атам күчтүүдөй сезилчү. Бирок атам чынында күчтүү болчу. Айылда эңишпи, күрөшпү эч кимге намыс бербеген балбан киши болчу. Бир күнү атам ошол мүрзөлөрдү караган бойдон эки көзүнө жаш алып отурган экен. Атам ыйлайт деген үч уктасам түшүмө кирчү эмес. Себеби менин атам баатыр, күчтүү, ыйлабайт деп ойлочумун. Таң калып сурасам, сен мени жакшы көрөсүңбу деди, ооба ата, жакшы көрөм дедим. Мен дагы сен сыяктуу атамды, апамды жакшы көрчүмүн. Бирок азыр алар жок, тээтиги дөңдө жатышат. Сен бактылуусуң, ата-энең жаныңда. Мен ата-энемди сагындым, көрбөгөнүмө көп болду деди. Атамдын ошол сөзү мага ушунчалык сокку болду. Дүйнөдөгү эң күчтүү деген атам дагы алсыз турбайбы дедим. Азыр мен дагы атамды эстейм, сагынам. Мен негизи ичкенди, тамеки чеккенди аябай жаман көрөм. Андай адамдардын жанына тура албайм. Бирок, атам окуган китептерге атамдын тамекисинин күлү түшүп күйүп калган жерлер бар, ишенсеңер азыр ошол жерди да жыттап окугум келет. Кубанганда, кайгырганда сөзсүз атамды эстейм. Мектеп окуп жүргөн учурда атамдын жүрөгү ооруп калды. Күнүгө мектептен үйдү көздөз шашып турчумун. Мен жеткенче атамдын жүрөгү кармап калбаса экен дечүмүн. Жүрөгү кармап калса, дарысын алып келгенге же кошуна-колоңду чакырып келүүгө мен дайыма даяр турчумун. Бир жолу адаттагыдай жүрөгү кармап калды. Мен жөө чуркап айылдагы жүрөгү ооруган адамдардын бардыгынын үйүнө барып келгеним эсимде. Ошентип даары таап келсем атам сарайдын артында отургучта денеси тырышып, кыйналып отурган экен. Ошон үчүн күнүгө мектептен үйгө шашар элем. Отуруш, дискотека деген болот. Бирөөнө да барбайм, барсам эле атам үзүлүп кетчүдөй сезилет. Ошондон улам бетиме айта алышпаса да Аалы молокосос дешчү экен. Бирок чычалачу эмесмин. Себеби, мен алардын ойлогон оюна караганда алда канча жогору ойлончумун. Турмуш, өмүр, ата-эне жөнүңдө ойлончумун. Ошондон улам эч кимге чечилбей, бассам-турсам атам жөнүндо ойлонуп, бир сырдуу болуп калгам.
Акзыйнат ЭШПАЕВА, Токон Эшпаевдин кичүү кызы:
“Чечилип сүйлөбөгөн момун адам болчу”
— Акзыйнат кадимки зор талант Токон Эшпаевдин эң кенже кызы. Өзүнүн айтымында Токон ага кызына бир дагы жолу үнүн өктөм чыгарып, катуу сүйлөбөптүр. Ошондон улам Акзыйнатка атасы бирөөгө катуу айта албаган ашкере боорукер, бала кыял, мээримдүү, баласаак ата катары эсинде калыптыр. “Атам кыргыз искусствосуна зор салымын кошуп, кыргыз элинин сый-урматына татып, мыкты обондорун мурас кылып калтырып кетти. Токон Эшбаев деп элдин баары сыйлап турушчу. Бирге иштешкен кесиптештери, жоро-жолдоштору “Токон тек гана ырдады. Жулунуп, байлыкка чуркабады. Карап турсаң момун, сахнага да басмырт маанайы менен чыгып, анан ырдаганда залды жарып салчу. Ар бир ыры керемет эле. Бир калыпта жүрчү” деп эскерип калышат. Атам чын эле ушундай адам болчу. Сыртта сыйлуу, залкар адам болсо, үйдө бизге мыкты ата болду. Үйдө өзү менен өзү болуп бузулуп калган нерселерди оңдоп жүрө берээр эле. Чечилип сүйлөбөгөн момун адам болчу. Мен мектепте окуп жүргөндө атамдын көзү өттү. Сабактарыңды жакшы оку, жалкоо болбо, көп уктаба дейт эле. Эн негизгиси текерленбей жөнөкөй адам бол дечү. Каникул бүтүп Бишкекке жөнөөрүмдө атам жолго өзү узатып чыкчу. Ага өзүм дагы көнүп алгам. Көзү тирүү турса деле кетип атып бышактап ыйлап, атама деген кусалыгым тарабай, ичим ачышкан бойдон кетчүмүн. Өтүп кеткенден кийин айылда бир топ жүрүп калдым. 40 күндүгүн өткөрүп, окуум башталып шаарга кетээрде баягы узаткан атам жок, абдан жаман болгом. Ал учурду сөз менен жеткире албайм. Ошол маалда жуула элек көйнөгүн ала келип, далайга жыттап жүрдүм” – дейт ал.
Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА