"Эркин-Тоо"

Ата конуштун аксакалы

 Оош-кыйыш замандан озгон инсан

 Айылдын, дегеле кичи мекендин кумары жаман арында айылсаак мендей жан үчүн өзгөчө мааниге ээ. Анын сыңары, буга дейре Фейсбук социалдык түйүнү аркылуу ар жылы эки ирет жан дүйнөмдөгү жылуу тема болгон айылым жөнүндө, андагы ушак-айыңдан алыс, пейили кенен каармандардан алыс кете албай, кичи мекениме болгон кусалык көкүрөктү тээп, “кытыгылай” бергенинен улам Ата-Журтум тууралуу жазып келгем. Бул сапар да ностальгиялык сезимдерге берилүү менен кайрадан айыл темасына “тиш салууга” өттүм. Канча жыл шаарда жашасам да шаардык боло албаган мендей “колхозник” үчүн бул тема негедир жан дүйнөмө жакын болуп туруп алды. Актанганда не? Эмесе, кеп тизгини касиеттүү кара Кочкор аймагынын күн батыш тарабындагы бай тарыхка ээ Комсомол айылындагы заман-доор агымына жараша эң бир кызык жашоо күнүн кечирген, адал эмгек менен айланасын гүлдөгөн аймакка айланткан, 80 жашты чамалаган Сапарбек Рыскулов аксакалга бурулсун.

Дыйкан чарбанын арты менен даңкы чыккан

Өлкөбүздүн тарыхында 1990-жылдардын башында башталган агрардык саясат, жер реформасы, дыйкан чарбага өтүүнүн шарапаты астында Сапарбек Рыскулов көпчүлүк сындуу жан башына үлүшкө тийген айдоо жери менен мал-келине топук кылып, айрымдарчылап бирөөгө догун артпастан жашоо көчүн улайт. Союздан энчи болуп тийген төрт түлүгүн аз-көп дебей, колдо турган малын ар убак балдарынын ырыскысына теңеген Сапарбек аксакалдын түйшүгү түмөн чыйырды тандаганы союздун тараганына туш келет. 1 козунун наркы 3 бөтөлкө ичимдикке бааланып калган шартта каарманым малдын кесир-кусуру болоорун ошондо эле аңдап, колдо турган төрт түлүгүнүн түйшүгү менен алпурушкан жашоо образын баштаган.

Төрт түлүктүн түмөн түйшүгү менен алпурушкан аксакал

 Отуз жылдан бери Сапарбек аксакал төрт түлүктүн түрү гана эмес, чарбасын канаттуулар менен да толуктап алган. Ортодогу бир канча убакыт баарлашуубузда ал колундагы малы жана канаттууларынын түрү жөнүндө узакка кеп салганы менен алардын санын канча башка жеткиргени тууралуу ооз ачпады. Тоолуктардын бул сыры менен “ырымын” жакшы билгендиктен, мен да ооз ачып, такып сурабадым. Биздин баарлашуубуздагы мен байкаган бир жөнөкөй факт: Ал жылдын төрт мезгили боюу кандай жагдай, кандай шарт болбосун күндүр-түндүр төрт түлүгүнүн түмөн түйшүгүнө чыдап, оору-сыркоо, дарты менен алпурушуп, мал-жандуу кыргыздын “малды баксаң — мал болот” деген таамай кебин көркүнө чыгарган күжүрмөн инсан экенине ынанбай койбойсуң.

“Койлу ажынын кудугу” кыштоосун гүлдөгөн “шаарчага” айланткан

Союз таркаганы Сапарбек Рыскуловдун үлүшүнө мал менен жерден тышкары мал сарайдын үчтөн бир бөлүгү гана тийгенине кейибей, Жараткандын мунусуна да шүгүр кылган биздин каарман кан-жанына сиңген эмгекчилдиги менен тоо-ташты түзөп, катар-катар короо тургузганы, ың-дыңдуу суу барбаган бир канча жер аянтын өздөштүргөн эмгектери бүгүн көргөн жандын көзүн тойгузуп, көөнүн толкутат. Тоок-үндүктөн баштап, төрт түлүктүн болгон түрү кыштай турган өзгөчө бир “шаарчаны” ондогон жылдар бою талыкпаган күжүрмөн эмгеги менен курганга жетишет. Анын колунан куралган “шаарчада” бүгүн малы гана эмес, катар-катар техникалары бата турган жайы, аларды оңдоочу устаканасы да тоо этегиндеги кыштоого өзгөчө бир көрк берет. Ал эми малына тоют үчүн курулган кампасындагыдай шартты Кочкордун бир бурчундагы Сапарбек аксакалдын кыштоосунан гана кезиктирбесең, Кыргызстандын төгөрөгүн төрт кыдырсаң да кезиктире албайсың.

Аймактагылардын узун-сабак кебине айланган

Жер иштетип, мал күткөн фермер үчүн айыл чарба техникалары өзгөчө мааниге ээ экенин Сапарбек аксакал жаземдебей аңдап, чарбачылык менен алектенген 30 жылдан ашуун убакытта ондогон техникаларды сатып алып, алигүнчө бала-бакыра, жардамчылары менен биргеликте иштетип келет. Кызыгы, айыл чарбасына керектүү шаймандардын айрым түрүн каарманыбыз өз колу менен ойлоп жасап, көпчүлүктү таңданткан жүрүшү азыр да бул аймактагылардын узун-сабак кебине айланган. Ошентип, Сапарбек Рыскулов колунда турган мал-жандыгына гана эмес, ондогон техникалары үчүн мыйзамда каралган салыктарды мамлекетке колко кылбай өз убагында төгүп, бул жагынан да көпчүлүккө үлгү болуп келет…

Адал эмгеги менен ажылык милдетин аткарган

Мусулманчылыктагы беш парздын бири болгон ажылык милдетин Сапарбек аксакал 60 жашында байбичеси менен бирге аткарган. Ошондон тарта “таман акы, маңдай тери” менен тапкан мал-мүлктөн санына жараша ар жылы зекет берүү шарияттын алтын жобосу экенин аңдап, колунда турган малынан айланасындагы айылдаштарына каралашып, Жараткандын буйругун кынтыксыз аткарып келет. Тагыраагы, төрт түлүктүн ар түрүнөн шариятта каралган эсептеги чен-өлчөмү менен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө бөлүп берип, колунда жок, “жону жука” тургундардын ажаатын ачып келген каармандык жүрүшүнө адамдык ак адилиң менен алкыш айткың келет. Кыргыздын “Элге бергениң текке кетпейт” – деген баалуулугунда айтылгандай, анын берешендиги Жараткан Кудайга жаккандыгы үчүн улагасы убай-чубай эт-майдан, короосу толо мал-жандыктан өксүү болбосо керек. Ошондо да колунда барына эрдемсибей, кышкысын согум союп, чучукту оролто жасап, казан толо өксүү болбогон бышкан этин кыш боюу башкалар менен тең бөлө жегени үчүн байбичеси экөөнүн казан-ашы ырыскыга кем болбой келгенинин сыры ушундабы дейм…

Бактылуу үй-бүлөнүн бактылуу атасы

 Залкар акын Турар Кожомбердиевдин: “Бакыт – бул бир нерседен баштооч кылып, бороонго төштү тосуп, карды жирөө” – деген канаттуу ыр сабы бар. Мал багуунун, дегеле чарбачылыктын оош-кыйыш шарттарына, миң сырлуу түмөн-түйшүгүнө чыдаган каарманым бүгүн 2 эркек, 4 кыздын жана ондогон небере-чөбөрөлөрдүн аска-зоосу, акыл-насаатчысы болуп, алардын келечек жолдорунун кең ачылышына аталык ысык жүрөк, адамдык үлгүсү менен күйөрман да, тилектеш да болуп келет. Бактылуу карылыктын кучагында, маңдайына буюрган тагдырына ыраазы боло асыл ата, ардактуу жар болуп, нарктуу өмүр сүргөн, адал эмгектен тапкан даңкы менен бакыт балына туна күн кечирүүдө. Чарбачылыктан тапкан бар дүйнөсүнө балдарын үйлүү-жайлуу кылып, ак ниет, таалыкпас зор иши менен жаңы замандагы мал чарбачылыгыбыздын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошуп, эмгектин каарманы болгон аксакал бүгүн айылдаштарынын ардак сыйына татыган чагы.

Сөз соңун Кочкордун күн батышындагы (Дөң-Алыш, Комсомол айылдарынын жогору жагы) Каракол кең жайлоосунун алдындагы Көк-Булактын жашыл төрлөрүндө жайкысын ышкын жыттанып, көбүргөн, кымыз жыттанып, кышкысын Комсомол айылындагы бөксө тоолордун этегинде жайгашкан “Койлу ажынын кудугу” кыштоосунда шыбак, эрмен, бетеге жыттанган Сапарбек аксакалга байланышкан бир сунуш менен жыйынтыктайм. Каракол жайлоосунан урган кара шамалга кайыкпай, тоонун түбөлүк шамалына тотукпас, тоо жүрөк Сапарбек Рыскуловдун кыргыздын мал чарбачылыгы менен айыл чарбасынын өнүгүшүнө кошкон зор салымы мамлекет тарабынан бааланса, айыл чарба министрлиги алдыдагы 20-октябрь – Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин кесиптик майрамынын урматына карата бери дегенде тармактын тийиштүү төш белгиси, арылатканда мамлекеттик маанидеги чоң сыйлыктарга сунуш кылышса, биздин каармандын эмгеги татыктуу бааланып, анын күжүрмөн эмгеги эртеңки муундар үчүн да үлгү болмок. Ал эми анын каармандык жүрүшү менен айыл чарбасына кошкон эрдикке тете салымын улам жаңы деталь-штрихтер менен толуктап, келечекте дагы да улантып жаза береримди билдирмекчимин.     

 

                                                                                                                                  Калыгул Бейшекеев      

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!