"Эркин-Тоо"

Атаандаштык менен мүрзөлөрдү курчата берсек, жерибиз көрүстөнгө толуп калбайбы?

Эгемендүүлүк алгандан берки жылдардагы жетекчилер жалаң ичип-жемей, талап-тономой менен алектенип келишкендиктеринин айынан өлкөнү башаламандык каптап калганына күбө болуудабыз. Жогорку бийликтин шалаакы саясатынан пайдаланган алдым-жуттум чиновниктер бардык тармакты жемкорлуктун сазына батырып, бечел кылып таштаганынын кесепетин карапайым калк жакшы эле тартты. Бактыга жараша, жакынкы үч жылдын аралыгында чоң силкинүү болуп, ирик-чириктерден тазалануу жүрүп баштады. Жемкорлук менен аёосуз күрөш старт алып, мамлекеттик иштер бир чекеден ордуна коюлууда.

Сазга баткан тармактын бири көрүстөндөр экени буга чейин тынбай айтылып келген. Андагы коррупциялык иштер учурунда маркум журналист Улан Эгизбаев тарабынан да тизмектелип, Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүндөгү схемалары ачыкка чыккан. Бирок, ошол маалдагы бийлик тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес. Тескерисинче, көр саткандар калкаланып, колдоого алынган. Албетте, көрүстөндөрдө коррупциядан сырткары дагы чечилбей келген маселелер толтура болгон. Алардын бири көрүстөн үстүнө баалуу таштарга сүрөт чектирип, темирден тосмо тостуруп, цемент-бетон куйдуруп келген илдет. Бул жорук азыркы тапта атаандашууга өтүп, күмбөздөрдүн башына алтын жалатылган темирлерди орнотконго чейин барышууда. Айтор, баары өзү билгенин кылып, жер бетин мүрзөлөргө каптатышууда. Атаандашуу ушул ыргак менен кетсе, 100 жылдын ичинде түз жердин көбүн күмбөздөр түзүп калышы мүмкүн.

Мына ушул көйгөйдү ырааттуу түрдө тартипке келтирүү үчүн бийлик адегенде көрүстөндөргө байланыштуу мыйзам кабыл алып, ишти баштады. Жакында көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип чыгары белгилүү болду. Албетте, булар Президенттин демилгеси менен ишке ашып жатканын айта кетишибиз керек. Ансыз бул иштер алдыга жылары арсар болчу. Бул жааттагы көйгөйдү жакында Мамлекет башчысы өзү ачыкка чыгарып, айылына барып маселени кабыргасынан койду. Андан кийин бул боюнча пикирин дагы билдирди.

“Биринчиден, шарият боюнча мусулман баласынын көрүстөнүнүн үстүнө баалуу таштарды чектирип сүрөт коюуга, темирден тосмо тосууга, цемент-бетон колдонууга тыюу салынат. Мындай жөрөлгө маркумга эч кандай жардам бере албайт. Тескерисинче, отко бышкан материалдарды колдонуп, мүрзөсүнүн үстүн бастырып салганы үчүн маркумдун арбагы кыйналат деп айтылат. Экинчиден, биздин өлкөнүн 94 пайызын тоолор ээлейт. Түз жерлерибиз болгону 6 пайызды түзөт. Ушул 6 пайыз түз жерлердин ичинде айылдарыбыз менен шаарларыбыз да жайгашкан. Айдоо жерлерибиз аз. Биз бүгүнкү күндө бир эле буудайды алсак, өзүбүздү өзүбүз толук камсыз кыла албайбыз. Чет өлкөлөрдөн импорт кылып келебиз” деди Садыр Жапаров.

Чындыгында эле жыл өткөн сайын түз жерлерибиз тарып, азайып барат, бул эч кимге жашыруун эмес. Кудай кут кылсын дешибиз керек, элибиздин саны жылдан жылга өсүүдө. Көбөйөлү деген биздин эң башкы максатыбыз экени да баарына маалым. Анан эми элдин саны өскөн сайын тамак-аш керектелери турган иш, демек биз бүгүнкү күн, азыркы учур менен гана өмүр сүргөнүбүз туура болбойт. Бул жерде 50-100 жылдан кийин, андан ары дагы биздин балдарыбыз, келечек муундарыбыз кандай жашайт, өмүр сүрөт дегенди ойлонушубуз кажет. Аларга бүгүн кам көрүп, ойлогонго милдеттүүбүз. Дегенибиз, азыркыдай темп менен мүрзөлөргө таштарды чектирип, темирден тосмолор менен курчатып, цемент-бетон менен үстүн уюта берсек, түз жерибиздин баары көрүстөнгө айланып калары турган иш. Андыктан, жалпыбыз азыр акыл калчаганыбыз туура болот. Шариятта дагы мүрзөгө акыркы сөөк коюлуп, 25 жыл өткөндөн кийин ал көрүстөндүн үстүн колдоно берсе болот деген чечим бар.

Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин мурдагы директору Төрөхан Жунусбеков:

 

— Мен аза кызматына жетекчи болуп барганда көрүстөндөр жаатында мыйзам болгон эместигин көрүп, депутат Марлен Маматалиев менен мыйзам жазганбыз. Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Президент тарабынан кол коюлуп, ишке кирери менен чоң реформалар жүрө баштады. Эми баары тартипке келет. Көрүстөндөрдүн бирдиктүү дизайны иштелип баштаганы да айтылды. Эң башкысы, мыйзамга ылайык, мындан ары сугат жерлер көрүстөнгө айландырылбайт. Мүрзөлөр дөңсөөлөргө, суу чыкпаган тоо этектерине уюштурулат. Ал эми 35 жылдан өтүп кеткен эски көрүстөндөрдү жергиликтүү кеңештер тарабынан комиссия түзүлүп, ордуна мейманкана, мечит же бала бакча салууга уруксат берилет. Андай мүрзөлөр толтура, 100 жылдан ашып кеткендери бар. Ислам дининде 25 жылдан кийин кайра колдонгонго уруксат берилет. Ал эми мыйзамда 35 жыл деп белгиленген. Мындан сырткары түрк, орус улутундагы жарандардын өтүнүчү менен жаңы мыйзамга крематорий киргизилген. Мындай нерсе өнүккөн өлкөлөрдө, Россиянын ар бир облусунда бар.

Журналист Назгүл Мамытова:

— Чынын айтканда көрүстөнгө эстелик коюуга мен да каршымын. Биринчиден колунда бары болот, колунда жогу болот. Акчасы бар байлар эң кымбат таштардан буйрук берип жасатышат экен. Анан алардын эстелиги башка маркумдардыкынан өзгөчөлөнүп көрүнүп, жалтыр-жултур болуп турганы жакшы деле көрүнүш эмес. Өлдүңбү болду, эч нерсенин кереги жок. Чириген байы деле, тыйыны жок кара таман кембагалы деле ошол эле кара топурактын алдында окшош көмүлөбүз. Бирок, өлгөндөн кийин да көрүстөндүн ичинде өзгөчөлөнүп көрүнүп туруунун өзү акылсыздык. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатында ашыкча ысырапкорчулукту да азайтыш керек. Албетте, алыстан келген куда-сөөк, кыз-кыркынды тамактандыруу милдетин маркумдун жакын туугандары эле тейлеп коюшса болот. Анан тигил жакта жетим-жесир калгандар боз үйдө ботодой боздоп ыйлап отурушса, майчаңдап май чайнап отургандын деле өзү уят көрүнүш. Ал эми 90-100гө чыгып узагандардыкын той кылыш керек деп ырымдап дасторкон жайгандар боюнча оюм жакшы эле. Кыскасы, Садыр Жапаровдун ысырапкорчулукту азайтуу демилгесин колдоого алышыбыз керек.

                                                                                                                                    Кылычбек Кудайбергенов

Пример HTML-страницы