"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар Маданият

Атай Огонбаевдин 125 жылдыгы белгиленди

Бишкекте Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында улуу комузчу, ырчы жана композитор Атай Огонбаевдин 125 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов, Маданият министри Мирбек Мамбеталиев, комузчунун туугандары жана маданият өкүлдөрү катышты.

Министр Мирбек Мамбеталиев иш-чарада сөз сүйлөп, буларга токтолду: «Атай Огонбаевдин мурасы — улуттук рухубуздун жана элдик нарктын күзгүсү. Анын обондору кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жаңырып, муундан муунга өтүп турат. Бул мурас жаш муундар үчүн да чоң өрнөк».

Салтанатта композитордун чыгармалары жаңырып, анын өмүрүнө арналган документалдуу тасма көрсөтүлдү. Ошондой эле «Атай Огонбаев» энциклопедиясынын биринчи томунун бет ачары өттү.

Белгилей кетсек, Министрлер Кабинетинин чечими менен Атай Огонбаевдин мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленип, ТҮРКСОЙ уюму 2025-жылды «Атай Огонбаев жылы» деп жарыялаган. Анын алкагында эл аралык маданий иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.