Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна болгон сапарынын алкагында №2053 аскер бөлүгүнүн штабы жана “Бөрү” атайын багыттагы отряды үчүн түзүлгөн жаңы шарттар менен таанышты.
Атайын кызматтан билдиришкендей, аскердик шаарча Ташиевдин жеке тапшырмасы менен 2022-жылы башталган масштабдуу курулуш иштеринин алкагында курулуп бүткөн. Жаңы шаарча этно элементтери бар казармалар, жатаканалар, ашкана, спорт комплекси, мончо, актовый зал, автопарк жана эс алуу жайлары менен камсыздалган.
Камчыбек Ташиев аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирип, чек ара коопсуздугун камсыз кылууда алардын орду өзгөчө экенин белгиледи. Ошондой эле мамлекет тарабынан чек ара кызматын колдоо иштери улантыларын кошумчалады.