"Эркин-Тоо"

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады

Атайын түзүлгөн комиссия кыргыз-тажик кагылышуусунан келтирилген чыгымды аныктоо иштерин баштады

«Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы согуштук аракеттерден кийин Баткен жана Ош облустарында келтирилген зыянды жана кыйратууларды аныктоо боюнча атайын комиссия иштеп жатат», — деп билдирди КРнын ӨКМдин Куткаруучуларды даярдоо мамлекеттик борборунун башчысы, подполковник Жолдошбаев Ырысбек.

Алдын ала маалыматтар боюнча, куралдуу кагылышууда төмөндөгүлөр жок талкаланган:

Турак жай имараттары – 364;

Чарбалык курулуштар — 168;

Социалдык объектилер – 9 (мектеп – 5, бала бакча – 3, ФАП – 1);

Стратегиялык объекттер – 5;

Кыймылсыз мүлк жана турмуш-тиричиликти камсыздоо объектилери – 149;

Транспорт — 9.

Жолдошбаев белгилегендей, бул акыркы маалыматтар эмес, бардык аймакты, объектилерди изилдөө жана келтирилген зыянды баалоо боюнча иштер уланууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!