Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин абактан бошотулушу анын жакындарын, тарапташтарын кубанычка бөлөп, бир майрамдап алышты. Өлкө башчысы Садыр Жапаров Алмазбек Шаршеновичтин абактан бошотулушу боюнча өз пикирин айтып, соттун чечимине баш ийишибиз керектигин билдирди.
“Негизи Алмазбек Атамбаевди ким камады?” деген суроо жаралышы мүмкүн. Анын жеке амбициясы, кежирлиги, мыйзамды сыйлабастыгы темир тор артына отурушуна себеп болгонун эске алалы. Өзү бийликке алып келген ошо кездеги Президент Сооронбай Жээнбековдун бийлигине баш ийбей, “Кой-Таш элдик республикасы” дегендей мыйзамга каршы келген билдирүүлөрү менен чыгып коомчулукту дүрбөткөнү деле чындык. Атамбаевди укук коргоо органдарына алып келүү үчүн куралдуу күч колдонунун натыйжасында УКМКнын “Альфа” атайын бөлүгүнүн кызматкери Үсөн Ниязбековго ок тийип каза болуп, ошондогу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов майып болуп, бир нече адам жараат алышкан. Президент болуп турганда, маалымат каражаттарын сотко бергенине өкүнгөндөй, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясындагы саясий кежирлигин дагы моюнга алса, көбүнө сабак болор беле…
Жогорку сот мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу иши боюнча өкүмүн жокко чыгарып, аны кайра кароого жиберди. Ошону менен бирге чет өлкөдөн дарыланып келүүгө уруксат берди. Атамбаев абактан чыккан күндүн эртеси эле дарылануу үчүн Дубайга, андан ары Испанияга учуп кеткенин жакындары билдиришти.
Атамбаев журналисттерге берген маалымат жыйынында, Испаниянын Дубайдагы (БАЭ — ред.) элчиси билет алып күтүп турганын, Испаниянын премьер-министри, Социнтерндин лидери Педро Санчес өзү кийлигишип, мыкты дарыгерлерди даярдап жатканын, дарыланып бүтөрү менен дароо кайтып келерин билдирди. Ден соолук тилейли.
Ошондой эле Алмазбек Атамбаевди тосуп алган Кой-Таштагы үйү өзүнүн менчигинде калганын мурдагы президент билдирсе, мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча Фонд, 2022-жылдын 13-апрелинде «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалы тарабынан 1385,5 чарчы метр жалпы пайдалуу аянты 2,7 га жер тилкесинде ден соолукту чыңдоочу жай түрүндөгү мүлккө менчик укугу катталганын, конфискацияланган мүлк Мамлекеттик мүлк фондунун 2022-жылдын 13-июлундагы буйругу менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилген жана ал анын баланстык кармоочусу болуп саналганын маалымдашты. Кимисине ишенебиз?
Ошол эле учурда кечээ Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту, Алмазбек Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча акталды деген пикирлер эртелик кылат деп билдирди.
Мунарбек ЧАРГЫНОВ
№12 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 17-февралы