"Эркин-Тоо"

АТАМЕКЕНДИК ӨНӨР ЖАЙ ЖАНДАНУУДА

Өнөр жай ишканаларынын негизги техникалык базасы сатылып, таланып-тонолуп, имараттары соода-сатык жайларына айланса, айрымдары талкаланып жок болгонун көрүп-билип жүрөбүз. Ачыгын айтканда өлкө алып-сатарлык менен күн кечирип келди. Өнөр жайын өнүктүрүү боюнча узун программалар кабыл алынганы менен иш-чара максатына жеткен жок. 

Акыркы жылдардагы маалыматка караганда атамекендик өнөр жайында жандануу бар экени байкалууда. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылы парламентте  өлкөнүн өнөр жайын дүң өндүрүү 2022-жылы 2021-жылга салыштырмалуу 111,4%га өскөнүн, мына ушул аралыкта  60 ири ишкана ишке киргизилип, 7700 туруктуу жумуш оруну пайда болгонун билдирген. Өкмөттүн өнөр жай, айыл чарба продуктуларын, металлды кайра иштетүү, тигүү тармагын контракттык өндүрүшкө өткөрүү, жер семирткичтерди чыгаруу,  текстиль жана жип ийрүү өндүрүшүн жандандыруу, курулуш тармагында ири ишканаларды ачуу жана башка ушул сыяктуу өндүрүштү өнүктүрүүгө багытталган пландуу иш-чараларды белгилегени өз натыйжасын берип жатыптыр. Анда эмесе, өндүрүш тармагына назар салалы. 

Садыр Жапаров бийликке келгенде анын командасы экономикалык өнүгүүнү башкы планга коюшуп, токтоп турган киреше берүүчү ишканаларды сатып жибербей, ишке киргизүү саясатын колго алышты. Өкмөт Майлуу-Суу лампа заводун,  Кара-Балта механикалык заводун, Карабалта шаарындагы «Даназык» мамлекеттик ишканасын мамлекетке кайтарып алган эле. Бир мисал, Финансы министрлигине караштуу Финансы-кредиттик фонд Борбордук Азиядагы электр лампаларын чыгарган эң ири заводдун кожоюну, же жалгыз акционери болуп саналат. Демек мамлекет менчик ээси катары заводдун өндүрүшүн колдоого 1 млрд. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берилген.  Бүгүнкү күндө аталган заводдун жабдуулары жаңыртылып, продукция өндүрүү жакшы жолго коюлуп жатыптыр. Мурда бул жерде миңден ашык жумушчу иштеп келсе, дагы 250дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлүптүр. Айына 40 ваттан 300 ваттка чейинки 6 млн даана лампалар,  ошондой эле энергияны үнөмдөөчү 4 ваттан 15 ваттка чейинки лампалар чыгарылат экен. Өткөн жылы 74 млн даана лампа өндүрүлүп, негизинен Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, Украина, Түркмөнстан жана башка өлкөлөргө экспортко чыгарып жатканы кубандырбай койбойт. Ошону менен бирге  шаардын өнүгүшүнө салымын кошуп жатыптыр. Айрымдар айтмакчы, “Мамлекет — начар кожоюн” деген түшүнүктүн туура эмес экенин далилдеп коюшту.  

Өкмөт өнөктөштөр менен кызматташып, алардын капиталын өндүрүшкө жумшоого болгон аракети дагы колдоого аларлык. Жакында эле экономика министри Данияр Амангелдиев Сокулук районундагы кыргыз-өзбек автоунаа чыгаруучу заводунун курулушу аяктап жатканын билдирди. Анын айтымында, алгачкы унааларды 2024-жылдын биринчи жарымында чыгаруу пландалып жатыптыр. Жеңил унааларды жана коммерциялык жабдууларды чогултуу жана чыгаруучу заводдун ишин негизинен роботтор ишке ашырат экен. Бул деле өнүгүүгө болгон далалат. 

Же болбосо Кыргызстанда экономикалык жактан өнүгүүнү камсыз кылуу максатында Президенттин демилгеси менен мамлекеттер аралык кызматташунун натыйжасында инвестициялык фонддордун түзүлүп жатышы ишканаларга стимул берүүчү күч десек болот. Сөзүбүз куру болбошу үчүн Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө кайрылып көрөлү. Мисалга алсак, Орус-Кыргыз фондунун каржылык жардамы менен «Империал Групп Компани» ЖЧКсы өндүрүш линиясында роботторду жана санариптик технологияларды колдонгон биринчи ата мекендик бут кийим фабрикасы экен. Бул ишкана укук коргоо органдары үчүн бийик бут кийимдер жана  атайын жумушчу бут кийимдер чыгарууга адистешиптир. Демек, фабриканын укук коргоо органдарынын кызматкерлерине  бут кийимдерин сатып алууда мамлекеттик чыгымдарды кыскартат десек болот.

Же болбосо, аталган фонддун 4,3 миллион АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылоосу менен Ош шаарында жылына 7 миллион даанадан ашык тигүү продукциясын чыгаруучу тигүү фабрикасын курулуп жатыптыр. Ата мекендик сырьедон текстиль буюмдарын чыгаруунун толук циклин ишке ашыра турган фабриканын  жабдыктары Япония жана Европада келет экен. Бул долбоор 900дөн ашык жумуш орундарын түзүп, пахтаны себүүдөн баштап даяр продукцияны экспорттоого чейин республиканын түштүк аймактарында текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн ири кластерин ишке ашыруучу ишкана болуп каларын айтышууда. Өндүргөн продукция 90пайызы Россия жана ЕАЭБдин өлкөлөрүнө экспортко чыгарын адистер билдиришет.  

Ысык-Көл облусундагы сүттү кайра иштетүүчү «Ак-Булак плюс» ири ишканасы Орус-Кыргыз фондунан алынган насыянын эсебинен май, сыр жана кургак сүт өндүрүшүн жандандырып,  чыгаралган продукциялары өлкөбүздө гана эмес, коңшу мамлекеттерде да чоң суроо-талапка ээ болуп,  Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Россиянын ири шаарларына экспорттолуп жатыптыр. Учурда Кытайга жеткирүү үчүн байланыштар түзүлүп жаткан экен. 

Дагы бир маанилүү кабар. Бүгүнкү күндө республика боюнча базальт буласынын 100% сырттан ташылып келинет экен. Орус-Кыргыз фондунун каржылык колдоосун алган «Изо-Пенопласт ЛТД» ЖЧК заводу базальт буласын өндүргөн  өлкөдөгү жападан жалгыз ишкана болуп калыптыр. Ишкана жылына 20 миң тоннадан ашык даяр продукция чыгарып, жергиликтүү калкты 100дөн ашык жумушчу орун менен камсыздайт. Айта берсе, дээрлик бардык тармакта жылыш байкалат. 

  Мындан башка Венгер-Кыргыз, Өзбек-Кыргыз жана башка эл аралык деңгээлдеги өнүктүрүү фонддору аркылуу өндүрүштү жандандыруу колго алынууда. Фонддорду түзүү, тагыраак айтканда,  чет элдик капиталды натыйжалуу пайдалануунун жолу десек жарашат. Ошондой эле мамлекеттик ишканалар өз күчү менен жол салышып, темир жол курушууда. Атамекендик өндүрүштүн өнүгүшүнө мамлекет ар тараптуу колдоо көрсөтүп жатканы жакшы жышаан.

 

Шекербек КАЛЫКОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!