Бишкек шаарынын мэриясы Ататүрк паркындагы курулуштарды сүрдүрүү чечимин кабыл алганы коомчулукта кызуу кеп болууда. Анткени, буга чейин мамлекеттеги чоң кызматтарда иштеген аттуу-баштуу адамдар мыйзамдарды одоно түрдө бузуу менен сейил бактын бир аймагын менчикке чыгарып, турак жай куруп алганы белгилүү болгон. Капчыгы калың адамдарга мыйзам иштебейби деген сындуу көптөгөн нааразы пикирлер эл арасында арбын айтылып, катуу талаптар коюлса дагы, 2000-жылдан берки жетекчилер тарабынан эч кандай чара көрүлбөй келген.
Өткөн жумада мэр Айбек Жунушалиев сейил бактагы жер боюнча чечим кабыл алынганын билдирип, Ататүрк паркын менчиктештирүүгө жол берген №124 токтом жокко чыгарылганын айтты. Бул 30 жылдан бери өкүм сүрүп келе жаткан адилетсиздиктин тамырына балта чабылганын, акыйкаттык орной баштаганын тастыктады десек болот. Коомчулук көптөгөн жылдардан бери заркакшап келген мыйзамсыздыкка акыры барып чекит коюлуп, мыйзамдуулук орной тургандыгына ишеним жаралганы жалпы журтка жакшы маанай тартуулап турган чагы.
Чыгарылган чечимге ылайык, Бишкек шаардык мэриясы Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөөдө. Тагыраак айтсак, Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы №225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек аралары толук калыбына келтирилмекчи.
2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагын кертип, үй салуунун мурдагы мэрлер баштаган. Атай кетсек, Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адамга жер берилген. Алардын катарында мурдагы министрлер: Болот Абилдаев, Ильяс Давыдов, Мустафа Кидибаев, Курманбек Осмонов, Калыкбек Султанов, Турсун Турдумамбетов, Абдылда Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Александр Костюк болгон. Ошондой эле мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Кубанычбек Кулматовдун аталары Ташполот Түлеев менен Кеңешбек Кулматов, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы депутаттар, соттор, прокурорлор жана башка аттуу-баштуу адамдар алган.
Ататүрк паркынын аймагындагы курулташ мыйзамсыз экенин шаар мэри Айбек Жунушалиев билдирип: “Жалпысынан парктын аймагына курулган 198 объект тууралуу сөз болууда. Башында 150 болчу, андан кийин 168 болду, акыркы такталган маалыматтар боюнча 198 объект болуп чыкты. Чечимге ылайык, булардын баары мыйзамсыз. Айрым иштер боюнча биз сотко берип, чечим чыгарабыз. Азыркы тапта сейил бакта салынып, эл жашап жаткан үй ээлерине билдирүүлөр берилүүдө. Алар үйлөрдү муниципалитеттин менчигине өз каалоосу менен өткөрүп бериши керек болот. Болбосо сот органдары жана дагы башка укук коргоо органдары аркылуу ишке ашырабыз” — деди.
Мындан сарткары, Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багы боюнча чечим Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан кабыл алынып, өлкө жетекчилиги менен макулдашылганын билдирди. Бул жагдай коомчулукту абдан кабатырлантып жаткан болчу. Себеби, өлкө жетекчиси тарабынан колдоо болбосо, капчыктуу көпөстөр шаар мэрин сатып алып же кызматынан кетирип тынышы толук мүмкүн. Андай окуяларга буга чейин күбө болгонбуз. Азыр андай кемчиликтерге жол берилбеши шарт.
Ошондой эле жер тилкелерин берүүдө кол коюп, өз учурунда уруксат берген жетекчилердин да жоопкерчилиги карала тургандыгы маалым болду. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу жолдондонгону айтылды. Башкы прокурор дагы өз пикирин билдирип, Ататүрк паркынын айланасындагы иште сот аркылуу чечилчү көп жагдай бар экенин айтты. Мындайча айтканда, көптөгөн адамдын жоопкерчилиги карала тургандыгын тастыктады.
Айтор, шаар мэри Айбек Жунушалиев 30 жыл ичиндеги башаламан саясаттын алкагында өкүм сүргөн эң чоң мыйзамсыздыктын бирөөсүн көтөрүп чыгып, Президенттин колдоосу менен адилеттик орнотууга аракет көрө баштады. Эгер баштаган ишинин өтөөсүнөн чыгып, Ататүрк паркын калыбына келтире алса, анда эл колдоосуна арзыйт да, азыркы бийликке чоң аброй алып келет. Тарыхка жазылып калчу иш болот. Эң башкысы, мамлекеттин жерин каалагандай кертип, менчиктеп алган “көпөстөргө” чоң сабак болот. Мындан ары андай мыйзамсыздыкка батынбай калат.
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар АКАЕВ:
—Ататүрк паркындагы хансарайларды бузуу маселеси коомчулукта колдоого алынып жатат. Шаар эмне болсо ошол болсун, эл эмне болсо ошол болсун, бирок мен ушул жерге үй салып алайын деген адамдардын жеке кызыкчылыгынын кесепетинен ушундай мыйзамсыздыкка жол берилген. Муну аягына чыгарыш керек. Ушул окуядан кийин кимдир бирөө парктарды бузуп, үй куруп алгын деп жерди бекер берсе да адамдар качып калгандай болуш керек. 40-50 жыл өтсө дагы паркты калыбына келтирүү иштер жүрөт турбайбы, паркка курган үйлөрүбүз баарибир эртеби-кечпи таш-талканы чыгат экен, кайсы күнү болбосун мамлекет мыйзамдуулукту ордуна койот турбайбы деген түшүнүк пайда болуш керек. Биз азыр Бишкек шаарынын мэрин колдоого алышыбыз керек.
Жарандык активист Мавлян АСКАРБЕКОВ:
—Буга чейин Президенттин ишмердүүлүгүнө жыйынтык чыгарып жатып, акыркы 30 жылда келген президенттердин баардыгынын духу, эрки жетпеген иштерди аткарып жатканын айткам. Мына азыркы Ататүрк паркындагы мыйзамсыз курулуштарды сүрдүрүү чечими дагы так ушундай элдин колдоосуна татыган иштин бири. Албетте, чоң сыноо турат. Ушул сыноодон дагы бийлик татыктуу, эрктүү өтүшүн каалайм. Бул жерде көпөстөр менен элдин кармашы эмес, акыйкат менен адилетсиздиктин күрөшү жатат. Барыбыз билебиз, Бишкекте 100 миңдеген адам төрт чарчы жерге жетпей заркакшап жүрөт. Жер алуу үчүн 30-40 жылдан бери тизмеде тургандар бар. Байлар ошолорду көзгө илбей, парктын жерине кирип барып үй салып алышкан. Бул жалпы элди кыжырдантып келет. Буга чейин аталган мыйзамсыздыкка баары көз жуумп, бир да Президент дааган эмес. Эми баарын сүрдүрүп, Кыргызстанда жалгыз мыйзам үстөмдүк кыларын тастыктоо зарыл. Мыйзам алдында баарыбыз бирдей экенибизди далилдей турган чечим чыкты, эми аны аткаруу гана керек.
Тарыхчы, санжырачы Асыкбек ОМОРОВ:
—Бишкек мэриясы Ататүрк паркы боюнча чыгарган чечими абдан туура деп эсептейм, эл да колдоп жатат. Себеби, ар бир курулуштун кызыл сызыгы болот, анын ичине кирбеш керек. Булар кызыл сызыкка кирмек турсун, жалпы эл эс алуучу жайды менчиктеп алышкан. Мамлекетти, мыйзамды сыйлабаган накта жемкорлор деп айтсак болот. Мыйзам баарына бирдей. Чечим чыгыптыр, эми бүт сүрдүрүп ташташ керек. Акчасы жоктор жерге жетпей жүрсө, коррупционерлер жеп-ичип алган акчасына ыраазы болбой парктын ичин менчикке айландырып алганы туура эмес. Тегиздеп, ордуна бактарды тигиш керек. Баарыбыз ошол жерде эс алалык.
“Кыргыз-Туусу” гезитинин журналисти Мелис СОВЕТ уулу:
—Буга чейин Ататүрк паркындагы курулуштар боюнча далай жолу маселе көтөрүлүп, бирок ал жерден участок алган, үй кургандардын дээрлик көбү мамлекеттик чиновниктер болгондуктан сүрдүргөнгө эч ким даай алган эмес. ЖМКлар парктан жер алып, там салгандардын көбү мурун, кийин жогорку кызматта иштегендер, депутаттар жана алардын тууган-уруктары экенин ачык көрсөтүп келишти. Ошого карабай 1994-жылдан бери парктын жерлери кызылдай акчага соодаланып жатып теңине жакыны сатылып кеткенин коомчулук жакшы билет. Буга ошол кезде Бишкек башкы архитектурасы, Жогорку Сот дагы көз жумуп, үйлөрдүн салынышын мыйзамдуу деген чечим чыгарып беришкен. Андыктан азыркы мэр Айбек Жунушалиевдин №124 токтомду жокко чыгарып, курулуштарды сүрдүрүү чечимин туура деп ойлойм. Себеби, жер сатуучуларга жакшы сабак да болот. Экинчиден, ыш каптаган шаарыбыздын абасын тазалаганга өбөлгө түзөт. Үчүнчүдөн, парк, андагы бак-дарак бизге аталардан калтырылган ыйык мурас. Аны көздүн карегиндей сактап, кайра калыптандырышыбыз керек.
Зулпукаар САПАНОВ
№31 «Эркин-Тоо» гезити
2024-жылдын 23-апрели