"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Ататүрк сейил багына 500дөн ашык бак-дарак отургузулат

Үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк сейил багындагы оңдоо иштерин текшерди. Бул тууралуу шаардык мэрия кабарлады.

Долбоордун алкагында жаңы кире бериштер, согуш ардагерлерине эстелик, балдар жана спорт аянтчалары, иппотерапия зонасы, байкоочу көлмө жана эс алуу аянтчалары курулат. Ошондой эле жарандар үчүн 3 чакырымдык чуркоочу жол жана 3,6 чакырымдык велосипед жолу салынат. Аны менен катар сейил бакка 500дөн ашык бак-дарак отургузуу пландалууда.