Ат-Башы айылынын тургуну Батаева Бурул 20 жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенип келет. Учурда бодо малга басым жасап, 10 саан уй жана 5 торпокту багууда. Алардын арасында төртөө сүт багытындагы породалуу уй.
Жалгыз бой эне балдары менен мал чарбасын өнүктүрүү үчүн болгон аракеттерди жасап келет. Бул мал сарайды салууга 600миң сомдой каражат сарпталган. ЮСАИД, Ага Хан фондунун долбоору 280 миңге курулуш материалдарын алып беришсе, 300 миңден ашыгын өзү чыгарып, бүгүнкү күндө 10 бодо малга ылайыкташтырылган типтүү сарай салды.
Алдыда дагы ушундай мал сарай куруп, сапаттуу бодо малдын санын көбөйтүүнү максат кылууда.
Мындан сырткары, фермер бул короодон чыккан кыктан силлос жер семиркичин даярдап чыгаруу аракетин көрүүдө.
Район акими Эмилбек Абдыкадыров фермердин бул аракетин баалап, ишине ийгилик каалады. Сандан сапатка өтүү учур талабы болуп жатканын, дагы кошумча сарай куруп, породалуу, киреше алып келген бодо малдардын санын көбөйтүүгө жана аларга тоют жемдерин чыгарууга аракеттер жасалышы керектигин баса белгилеп, фермердин ишин колдоого алган Ага Хан фондуна ыраазычылык билдирди.
Белгилей кетсек, Ага Хан фонду райондогу 4 фермерге ушундай типтүү сарай салууга көмөк көрсөткөн. Келген өкүлдөр алдыда дагы фермерлерге мындай колдоолор уланарын жана тоют даярдоого да көңүл буруларын билдиришти.
Асанбаев ДУЙШЕНБЕК