"Эркин-Тоо"

Аткезчилик менен алектенген бажы кызматкерлери кармалды

Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан КР Экономика жана финансы министрлигине (ЭжФМ) караштуу Мамлекеттик бажы кызматынан (МБК) алынган маалыматка ылайык, «ALG» ЖЧКсы жагындагы экономикалык контрабанда фактысы боюнча КР ЭжФМ караштуу МБК «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринин жогорку кызмат адамдары Ж.Д. жана М.Е. кармалып Кыргыз Республикасынын УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.     

Маалыматка ылайык, 17-августта Бишкек шаарынын аймагынан бажы көзөмөлү учурунда, тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтпөстөн «Дордой» соода базар комплексинин аймагында бекитилген түзүлүштөрдү ачып, товарларды жарым-жартылай түшүргөн Түркия Республикасы тарабынан чыгарылган фирмалык кийим түрүндөгү эл керектөөчү товарлар менен «Түндүк» Темир жол бажысынын «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен үч жүк ташуучу унаа кармалган.

Тергөө учурунда, жүктөрдү түшүрүү «ALG» ЖЧКсынын кызматкерлеринин шериктештиги менен ишке ашырылып, «Кара-Балта» Бажы каттоо жеринен  тийиштүү бажы процедураларынан жана бажылык жол-жоболордон өтүү КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызмат адамдарынын жардамы менен жүргүзүлгөндүгү аныкталган.

«Транзиттик декларацияларга ылайык, кармалган жүк бажы мамилелеринде фирмалык кийим түрүндөгү товарларга салыштырмалуу төмөн баада жол-жоболоштурулуучу трикотаж кездемелер, жиптер, токулган кездемелер, жибек кездемелер жана пахта катары декларацияланган.

КР Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлеринин кылмыштуу иш-аракеттеринин натыйжасында, мамлекетке 8 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Бул тергөө учурунда көрүлгөн чаралар менен тышкы экономикалык иштин катышуучусу тарабынан толук компенсацияланган.

Учурда кылмыш иши боюнча кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоого багытталган тергөө жана ыкчам иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө, бул тууралуу коомчулукка кошумча маалымат берилмекчи», — деп жазылат УКМКнын маалыматында.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!