19-апрелде Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын 2022-жылга карата өлкөдөгү адам укуктарынын сакталышы жөнүндөгү баяндамасын укту.
Өз баяндамасында Атыр Абдрахматова адам укуктарын жана эркиндиктерин камсыз кылуу жаатындагы Акыйкатчынын чара көрүү актыларын ишке ашыруу боюнча жасалып жаткан жумуштардын жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Айрыкча, балдардын жана аялдардын укуктарын коргоо багытындагы абалга өзгөчө көңүл бурду.
Буга чейин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сотукук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйынында каралып, эске алуу чечими кабыл алынган. Бирок парламенттин жыйынында аталган чечим четке кагылды. Ал арада “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин регламентинин тиешелүү ченемдерине ылайык, Атыр Абдрахматованы кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун киргизди. Натыйжада аталган демилге тиешелүү комитеттин кароосуна жөнөтүлүп, добуш берүү учурунда 14 депутат Акыйкатчынын баяндамасын кабыл алууну туура тапса, 41 депутат каршы чыкты. Жыйынтыкты көрдүңөр да. Андыктан, Абдрахматова жакынкы күндөрү түйүнчөгүн түйө бергенге камынабы?

