"Эркин-Тоо"

Атыркүл ЖАМГЫРЧИЕВА: “БИЙИКТИКТЕРДЕН ГАНА ЖОЛУГУШАЛЫ”

Атыркүл Жамгырчиева Кочкор районундагы “Тулпар” автоунаа мектебинин директору кызматын аркалап келет. Быйылкы жылы 60 жаштын ашуусун ашып, эли-жерине жасаган асыл эмгектеринин үзүрүн көрүп турган чагы. Маараке ээсинин өмүр сапарынын урунттуу учурлары жөнүндө окурмандарыбызды кабардар кылууну туура көрдүк.

БАЛАЛЫКТЫН БАШАТЫ

Балалыгымдын башаты Жумгал районунун андагы Ленин колхозунун Кайырма айылынан башталган. 1962-жылы 1-июнда туулганмын. Чоң атам болуш болуп, калкка кадыры сиңген адам болгон. Ал эми өзүмдүн атам Орозкан 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушка кетип, 15 жылдан кийин элине келген экен. Согуштун ардагери болчу. Атам колхоздо чабан болуп иштеди. Чабандын түйшүгүн аялы кошо тарчу эмес беле. Апам Күлшарт эмгекке бышкан, мээримдүү эне болчу. 8 уул-кызды өстүрүп, эрезеге жеткирди. Атам менен апам колхоздун коюн кайтарып, кабагым-кашым дебей жайы-кышы мээнет кылып аброй топтогон инсандар болчу. Тестиер кезибизден эле эмгекчилдикке, чынчылдыкка тарбиялашты. Атам биз кичинекей кезибизде эле 52 жашында каза болгон.

Мектепте окуп жүргөндө коомдук иштерге активдүү катышып жүрдүм. Кичинекей кезибизден эле чөп чапканы барчубуз. 7-класста окуп жүргөндө апам менен апийим тергени барганыбыз эсимде. Азыр ойлосом, ошол учурда окуу менен ишти айкалыштырган күндөр өтүптүр. Кыйналып-кысталганды деле билбептирбиз. Эмнегедир окуучулук күндөрдү эстесем мага жылуу сезим тартуулай берет. Азыркы күндөгү бели ката элек балдардын базарда тиричилик кылып жүргөнүн көргөндө, чынында зээним кейийт. Ушул балдарга биздин бактылуу балалыгыбыздай күндөр буйруса экен деп ичимен тиленип калам. Эч нерсени капарга илбеген сонун күндөрүбүз өткөн экен. Окуткан эже-агайлар биз үчүн идеал болчу. Алардын ар бир сөзү бизге сабак эле да. Мугалимдер өтө барктуу эмес беле. Алардын жолун кесип өтө албай, ийменип турар элек. Орто мектепти дагы ийгиликтүү аяктадым. Атаэнемдин, эже-агайларымдын мага берген таалим-тарбиясы турмуш жолумду тандашыма, өмүр сапарыма чоң таасирин тийгизди.

ИШЕНИМДИ АКТОО – СЫЙМЫК

1979-жылы Жумгал районунун Кайырма орто мектебин аяктап эле Нарын облустук РЭОдо иш алып баруучу болуп эмгек жолум башталды. Россиянын Тюмень шаарындагы мамлекеттик университетинин контролер-ревизор факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө 1980-жылы тапшырып, окуу жайын 1986-жылы ийгиликтүү бүтүрдүм.

1979-жылдан баштап 1989-жылга чейин Нарын шаарында РЭОдо иштедим. 1989-жылдан бери Кочкор районунда эмгек жолум уланды. Ал кезде дагы кышында сакмалга барчубуз. Козуларды коюнубузга катып, ысыткан күндөрүбүз болду. Жамгыр болобу, кар жаайбы өзүңө жүктөлгөн милдетти так аткарууга аракет кылчубуз.

Өлкөбүз эгемендүүлүккө жеткенден кийин чарбалык алакалар бузулуп, мурдагыдай мамлекеттик колдоо болбой калды. Ар ким мүмкүнчүлүгүнө жараша иш таап, жанын баккан күндөрдү башыбыздан кечирдик. Мен дагы 2019-жылга чейин Кочкор райондук РЭОдо иштеп, андан кийин “Тулпар” автоунаа мектебинин төрайымы кызматын аркалап калдым. Жумушум өзүмө жагат. Ушул жерден баар таап, кадыр-барк күтүп жаткан соң, элибиздин, жамаатымдын ишенимин актоо мен үчүн сыймык десем болот. Мектебибиз замандын талабына жараша айдоочуларды даярдайт. Материалдык-техникалык базабыз жетиштүү. Бизге окуганы келген айдоочуларга сапаттуу билим берүүгө жакшы шарттар түзүлгөн. Жылына 100дөгөн айдоочуларды окутуп, аларга атайын жобонун негизинде айдоочулук күбөлүктөрдү берип келебиз. Өз ишинин устаты болгон жамаатым менен сыймыктанамын. Алар менин ишиме жөлөк-таяк болушуп, учурдагы экономикалык оор кырдаалга карабастан, татыктуу эмгек өтөп келатышат.

НЕБЕРЕЛЕРДИН КҮЛКҮСҮНӨН КУБАТ АЛЫП…

“Нике — кайып” деп бекеринен айтпайт тура. Болочок кайнежем экөөбүз мурунтан эле тааныш болуп, ынак мамиледе жүрчүбүз. Бир күнү эле иниси менен тааныштырып, жылдызыбыз келишип, ошентип, Кочкорго келин болуп калдым. Турмуш туткасын бирге кармап, 18 жыл бирге жашаган жолдошум Асангазы Абдылдаев адамгерчилиги бийик, жакшы адам болчу. Атабыздын баскан-турганы, сүйлөгөнү бизге сабак эле. Арман дүйнө, балдарынын жакшылыгын көрөрдө, бизди өкүткө салып акыретке аттанып кете берди.

Кудайдын кулагы сүйүнсүн, жолдошум экөөбүз төрт кыз, бир уулдун бактылуу ата-энеси болдук. Улуу кызым жогорку окуу жайды аяктаган. Кесиби юрист. Учурда Москвада иштеп жатат. Экинчи кызым “Сапат” лицейин кызыл аттестат менен бүтүрүп, Бишкектеги Ала-Тоо университетин дагы кызыл диплом менен ийгиликтүү бүтүргөн. Азыр Япониянын курулуш компаниясында юрист кызматын аркалап жүрөт. Үчүнчү кызым экономикалык жаатта билим алып, Ислам банкында кредит боюнча адис болуп иштейт. Төртүнчү кызым дагы университетти аяктаган, баш калаабыздагы №42 мектепте мугалим болуп, балдарга тарбия берет. Ал эми көкүрөк күчүгүбүз кенже уулум Юридикалык академияда 3-курста окуйт. Прокурорлук кесипти тандап, билим алуу менен алпурушуп жүрөт. Үч неберем бар. Чоңу 1-класста окуса, экинчиси балдар бакчасына барат. Үчүнчүсү жакында бир жашка чыгат. “Балалуу үй – базар” демекчи, неберелеримдин күлкүсүнөн кубат алып, өмүр сапарын арытып келатабыз.

ТАЛБАС ЭМГЕК – ИЙГИЛИКТИН АЧКЫЧЫ

Жан үрөп иштеп, мүдөөмаксатыңдын өтөөсүнөн чыгууга болгон аракетиң акыры өзүнүн үзүрүн берерине ишенемин. Эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында кыйналбаган эл болгон жок. Мына ошондо дагы “каруубузду казык кылып”, алдыбызга койгон милдеттерди так аткарууга болгон дитибизди коюп эмгектендик. Чынында эмгек текке кеткен жок.

Эгемендүүлүктүн 25 жылдыгынын урматына, кызматтагы жетишкендиктерим үчүн Нарын облусунун Ардактуу айымы, Ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин Ардактуу айымы, Кочкор районунун Ардактуу атуулу сыйлыктарына татыктуу болдум. ИИМдин “Датка айым”, Эл аралык коомдун “Насаатчы”, “Кыргыз Туусу” гезитинин “Эл сыймыгы”, “Кыргыздын кыраан кызы” төш белгилери жана башка Нарын облустук, Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталары менен сыйландым.

Убакытка укурук сала албайт экенсиң. Мезгил зымырык куштай учуп, 60 жаштын ашуусуна келгенимди деле билбей калдым. Балдар чоңоюп өз алдынча очор-бачар турмуш кечиришип, неберелердин күлкүсү жан эргитип турса, мындан өткөн бакыт жок тура. Жолдошум Асангазы ушундай жүрөк балкыткан күндөрдү көрсө гана деген өкүнүчүм болбосо, жашоо деген өз нугунда өтө берет экен. Дале каруу-күчтөн тайбай ардактуу эс алууга чыксам да, “Тулпар” автоунаа мектебинин түйшүгүн тартып жүргөнүмө каниет кыламын. Ишке болгон жоопкерчилик мени чыйралтып, жаңы максаттарга шыктандырып турат. Алдыда дагы жасай турган иштер көп. Өмүр сапарымда элиме, жериме тынчтык, бардар жашоо каалап, эл арасында балдарымдын, жакын туугандарымдын амандыгын тилеп келем. 60 жаштын ашуусу мени зор тажрыйба топтогон, акылга зирек мүнөз менен тосуп алды. Ылайым эле мындан ары багындыруучу дабандарга барчуу чыйыр жолдун сапары арыбасын. Бийиктиктерден гана жолугушуп жүрө берели.

Кагазга түшүргөн Шекербек КАЛЫКОВ

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!