"Эркин-Тоо"

АУТИЗМ АЙЫКПАС ДАРТПЫ?

“Жеген тамагынанбы же башка себеби барбы, балдар арасында аутизм жана ДЦП оорусу менен ооругандардын саны өсүүдө. Бирок аларды реабилитациялоо боюнча мамлекеттик борборлор бизде жок болуп жатат”, — деп кайрылды депутат Нуржигит Кадырбеков Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмазбек Акматовго. Депутаттын айтымында бизде аларды дарылоо протоколу да жок. Аутизмди айыкпас дарт дешет. Бирок илим жакшылап дарыласа айыктырууга боло тургандыгын далилдеп жатат. Менчик реабилитация борборлорунда дарылоо 39 миң сом турат. Бул алар үчүн кол жеткис сумма. Депутат Бишкекте жана Ошто мамлекет заманбап реабилитациялык борборлорду куруу маселесин көтөрдү. Ушундай эле социалдык аялуу маселени депутат Эльвира Сурабалдиева да көтөрүп, жетим балдар үчүн үй куруу зарылдыгын айтып чыкты. Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери үчүн үйлөрдү куруп жатабыз. А жетим балдарды ким карайт? Аларды кароосуз калтырып балдар үйүнөн кийин эле кылмышка түртүп жатабыз, — дейт Сурабалдиева.

Депутат Марат Мураталиев жетим жана аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары окуган интернаттарды жабуу маселесине каршылыгын билдирип, бул боюнча парламенттик угуу өткөрүү керектигин айтты.

Бегим ТУРДАЛИЕВА
№2 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 13-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!