TRT Haber агенттигинин берген маалыматына ылайык, Австралиянын Сидней шаарында жайгашкан Винсент ооруканасында 40 жаштагы бейтапка жүрөгү алсыз болгондуктан 6 саат бою операция жасалып, убактылуу жасалма жүрөк тагылды. Ооруканадагы жаран кадимки адамдын жүрөгү сыяктуу канды башка органдарга жеткирип турган жасалма жүрөк менен 100 күн жашаган. Кийин донор табылып, бейтаптын өмүрү куткарылды.
BiVACOR аталышындагы жасалма жүрөк Квинслендде туулган докт. Дэниел Тиммс тарабынан иштелип чыккан.
Сүрөт TRT Haber маалымат агенттигинин сайтынан алынды