Австрияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Себеби, 10-июнда Австриянын Грац шаарында жайгашкан мектептердин биринде куралдуу кол салуу болуп, анын кесепетинен 11 адам каза болду. Бул тууралуу The Guardian маалымат агенттиги билдирди.
Шектүү 21 жашта болгон жана анын ошол мектептен окуп кеткендиги айтылууда.
«Анын курал алып жүрүүгө расмий түрдө уруксаты болгон. Бирок буга чейин кылмыш жообуна тартылган эмес. Күбөлөрдүн айтымында, шектүү сабак учурунда мектепке кирип келип, туш келди ок чыгара баштаган. Андан улам 11 киши каза таап, 10го жакын адам жаракат алып, ооруканага жеткирилген. Шектүү ок чыгаргандан кийин өзүн-өзү өлтүргөн», – делет маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Азырынча кол салуунун себептери аныктала элек.