"Эркин-Тоо"

Автобекетти көчүрүүдө мэрия чабал иштегени айтылууда

Кечээ Бишкектеги  Батыш автобекетинин иши токтотулуп, каттамдар Алматы, 1/1 дарегиндеги жаңы автобекетке көчүрүлгөнү белгилүү болгон.  Бүгүн Жогорку Кеңеште  бул маселе көтөрүлүп, автобекетти көчүрүүдө мэрия чабал иштегени айтылды.
Алсак, депутат Бактыяр Калпаев жарандарга маалымат жетпей түшүнбөстүк жаралганын белгиледи. Буга утурлай, депутат Аида Исатбек кызы дагы бул маселе боюнча жарандардан кайрылуулар көп келгенин билдирди.
«Автобекет качан көчүрүлө тургандыгы тууралуу толук маалымат берилген эмес окшойт. Кечээ автобекетке барып алган жүргүнчүлөр ыңгайсыз абалда калып, нааразы болушууда. Көчүрүп кетишти, эми ал жакка автобустар каттайт деп жатышат. Мэрияга кайрылат элем, ошол тууралуу да тагыраак маалымат берип койсоңор», — деди эл өкүлү.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!