"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Автомектептер мамлекеттик башкарууга өтөт, бирок окуу баасы өзгөрбөйт

Автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөндөн кийин унаа айдаганды үйрөнүүнүн баасы өзгөрбөйт. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, айдоочуларды даярдоо программасы 14 айга чейин созулганы менен, курстардын баасы азыркы өлчөмдө калат.

“Бардык автомектептер мамлекеттик башкарууга өткөрүлгөндөн кийин, теориялык жана практикалык окутуу программалары жаңыртылат. Бирок чоңдор үчүн курстардын баасы азыркыдай эле бойдон калат. Биз окутуунун сапатына көзөмөлдү күчөтөбүз”, — деди Туманбаев.

Ал белгилегендей, реформанын негизги максаты келечектеги айдоочуларды сапаттуу окутуу жана өлкөнүн жолдорундагы кырсыктардын санын кыскартуу болуп саналат.

Мындан тышкары, 2026-жылдан баштап жогорку класстын окуучулары мектеп программасынын алкагында айдоочулук курстан өтө алышат.

“16 жаштан баштап 11-класстын окуучулары мектепте айдоонун негиздерин үйрөнө алышат, ошондо алар жашы жеткенде айдоочулук күбөлүк алууга даяр болушат”, — деп кошумчалады Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы.