"Эркин-Тоо"
Эркин Тоо гезити

АВТОМОБИЛЬ ӨНДҮРҮҮ ЖАНА ЖЫЙНОО ӨСТҮ

Кыргызстанда автомобилдерди чыгаруу жана жыйноо өрүш алды. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматтарга таянсак, ушул жылдын январь айынан сентябрга чейин Кыргызстанда жалпысынан 3 миллиард 507,1 миллион сомго же 40,1 миллион долларга унаа өндүрүлгөн.

Ал эми сентябрь айында эле бул көрсөткүч 348,3 миллион сомду түзгөн. Автомобилдерди жыйноо жана чыгаруу өткөн жылдын январь – август айлары менен салыштырганда дээрлик эки жарым эсе өскөнү байкалган.

Эске салсак, өткөн жылдын июль айында Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында «Тулпар Моторс» заводу расмий ишке киришкен. Учурда завод 11-12 үлгүдөгү унааларды чыгарууну пландаштырууда. Экономика жана коммерция министрлигинин Өнөр жай башкармалыгынын берген маалыматына таянсак, заводдун өндүрүштүк кубаттуулугу 20га жакын унаа моделин чогултууга жетет. Биринчи этап General Motors компаниясынын SKD (Semi-knocked Down) технологиясын колдонуу менен Chevrolet Tracker, Onix жана Cobalt унааларын чыгарууну камтыйт. Ишке киргизилгенден бери завод 2,6 миллиард сомго бааланган 2000ден ашык унааны чыгарып, саткан. Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин дагы 500дөн ашык унааны чыгаруу жана сатуу пландалууда. «Тулпар моторс» заводу ишке киргенден бери өндүрүш 2024-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу үч эсеге өскөн.

Андан сырткары өлкөдө өткөн жылдан тарта Shacman жүк ташуучу автомашиналары чыгарылып, сатыкка коюлууда.

«ТНК “Шумкар” ААК заводу 2025-жылдын тогуз айында 101 жүк ташуучу унааны чогултуп, анын 72си тактап айтканда автоплатформалар, самосвалдар, бетон аралаштыргычтар, кран ташуучу унаалар, тракторлор сатылган. Учурда жабдуулардын жыйырма тогуз бирдиги заказчыларга жеткирүү үчүн иштетилип жаткандыгы маалым. Ал эми 58 бирдикти жыйноо үчүн тетиктер заводго келип түшкөн. Аты аталган министрлик 2025-жылдын май айынан декабрга чейин кошумча 159 жүк ташуучу унааны чогултуу пландалганын, учурда иш өз нугунда баратканын билдирди.

Жазгүл Кенжетаева