"Эркин-Тоо"

Автоунаа газынын тартыштыгы күч алды

Казакстан Республикасынын Энергетика министрлиги өлкөнүн батышында автоунаа газынын тартыштыгы күч алганын билдирди.  Газдын тартыштыгынын негизги себеби  керектөөнүн көбөйүшү болгон.

«2023-жылы Казакстанда суюлтулган газды керектөө 14%га өсүп, 2,2 млн тоннаны түздү. Өсүү газ менен жүрүүчү унаалардын санынын өсүшү менен байланыштуу»-делет маалыматта.

Министрлик кошумчалагандай, учурда ички рынокту камсыз кылуу максатында суюлтулган газды Казакстандын аймагынан сыртка автомобиль жана темир жол транспорту менен алып чыгууга тыюу салынган. Чектөө 14-ноябрга чейин созулат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!