Ички иштер министрлиги автоунааларга милдеттүү түрдө видео камера орнотуу жөнүндө мыйзам долбоорун сунуштады. Тийиштүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин сайтына жарыяланды.
Документте «видеокаттоо менен жабдуу боюнча милдет менчигинин түрүнө карабастан транспорт каражаттарынын ээлерине жүктөлөт», — деп жазылган.
ИИМдин негиздемесинде видео камера укук бузууларды аныктап, жол кырсыктарын талдоо, талаш жараткан жагдайларда маанилүү экени белгиленет. Мыйзам кабыл алынса айдоочулар 2025-жылдан баштап автоунааларына видео камера сатып алышы керек. Мындай жабдык орнотпогондорго айып пул салынат. Мыйзам Министрлер кабинети аныктаган трактор сыяктуу транспорт каражаттарына иштебейт.
Мекеме мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу боюнча иш-чаралардын негизинде иштелип чыкканын билдирди.