"Эркин-Тоо"

Аялдар эркектерге зомбулук кылган учурлар катталууда

Жыл башынан бери Кыргызстанда 11 эркек үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган. Бул тууралуу депутат Динара Ашимова Жогорку Кеңештин  жалпы жыйынында билдирди. «Расмий маалыматтар боюнча жыл башынан бери эркектерге карата үй-бүлөлүк зомбулуктун 11 фактысы катталган.  Эки учурга аялдар, калгандарында үй-бүлөнүн башка мүчөлөрү күнөөлүү болушкан ”, — деди депутат кесиптештерине  кайрылып.