"Эркин-Тоо"

“Аялды аял катары эмес – Адам катары сүрөттөшүбүз керек”

Бишкек шаарындагы А.Осмонов атындагы Улуттук китепкананын Ч.Айтматов залында 11-май күнү белгилүү илимпоз, жазуучу, публицист , КРУЖСнын мүчөсү, 2021-жылдагы «Алтын калем» сыйлыгынын ээси, Топчугүл Шайдуллаеванын «Балакана» аттуу прозалык жыйнагынын бет ачары болуп өттү. Китептин таанытмасына адабият жана илим чөйрөсүнүн бир катар белгилүү өкүлдөрү,көркөм адабиятты сүйгөн  окурмандар келип катышып, өз ойлорун ортого салып, кызыктуу пикирлерин айтышты. Жазуучу үчүн зор мааниге ээ болуп турган дал ушул сааттарда Топчүгүл эже менен адабият тууралуу азыноолак маек курдук.

-Топчугүл эже, буга чейин илим жаатында, публицистикада жараткан бир катар ийгиликтериңиз бар, ал эми 2021- жылдын жыйынтыгы менен жазуучу, прозаиктердин арасынан “Алтын калем” сыйлыгына татыктуу болдуңуз, ошолордун баарынын ичинен сизди көркөм адабиятка, башкача айтканда жазуучулукка жетелеген бул кандай күч, кандай себеп деп сурагым келди?..

—  Бала кезден баштап китептин арасында чонойгом десем болот, себеби үйдө китеп өтө көп эле, кенже эпостордон баштап ыр, жомок китептерин, Манасты окуп чоңойдук. Балалыктын эң кызыктуу ирмемдеринин бир тарабы мен үчүн – китептер дүйнөсү болгон. Мектепте окуган кездерде ыр, аңгеме, райондук гезитке макала жазчумун, мугалимдерибиз да чыгармачылыкка ык койгон окуучуларды абдан баалашып, шыктандырып, сүйөмөлөп турушчу ал кезде. Экинчи бир себеп, апам сөзмөр киши болгон, оозунан ыры ырдай, жомогу жомоктой куюлуп, кара сөздү да кыябын келтире кызыктуу сүйлөй билчү. Азыр эстесем эчендеген жомоктордун классикалык үлгүлөрүн, притча, баяндарды алгач апамдын оозунан уккан экем, ошонун баары эле көркөм сөз өнөрүнө жакын болушумду шарттаган себептер… Анан үчүнчү бир негизги себеп – кийин чоңойдук, чоң турмушка аралаштык дегендей, өзүмдүн кесибиме, илимий изилдөөлөрүмө байланыштуу коомдогу жакшы-жаманы аралаш ар кандай жагдайларга күбө болдум,ошол эле коомдо жашадым, жашап жатабыз дегендей. Көкүрөктө бир нерсе жүрдү… Ар бир ой-туюму сергек адамдын эч кимдикине окшобогон өз чындыгы болот, көкүрөгүңдү өйүгөн ошол чындыкты элге айткың келет, жеткиргиң келет. Ал эми ошол чындыгын элге жеткирүүнүн жолун жазуучулар чыгармачылыктан таап, элге, коомго кандайдыр бир салымымды кошсом деген тилектер менен чыгарма жаралат экен. Ар бир чыгарманын сөзсүз түрдө өз миссиясы бар.Миссиясы жок чыгарма жазылбайт…

— Чыгармаларыңыздын мазмунунда көтөрүлгөн идеялар, козголгон маселелердин басымдуу бөлүгү аялдар турмушуна арналыптыр…

— Мага байкалган бир нерсе бар, үй бүлөлүк турмушта болобу, коомдук турмушта болобу, атүгүл кээде чыгармаларда да аялдар экинчи планга чыгып калышат, анткени ал “аял”. Маселен, мен китепти көп окуйм, ошол эле чыгармаларды байкасам аялдын образы негизги каармандын көлөкөсүндө , башкы каарманды ачып берүү үчүн көмөкчү образ катары жүрөт, башкы планга чыккан учуру өтө сейрек. Турмушта деле аялга болгон мамиле ушундай. Бирок иш жүзүндө мен өтө күчтүү, мыкты аялдарды билем. Биз качан гана аларды жакындан тааныганда аялдын күчтүү образын жаратабыз. Аялды аял эмес – ири алды адам катары сүрөттөшүбүз керек. Жазуучунун бир миссиясы – эч ким байкай элек, байкаса да айта элек темаларды жазып чыгуу, көркөм сөздүн күчү менен ошол ойду элге жеткирүү.

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!