"Эркин-Тоо"
Кылмыш

Аялын бензин чачып өрттөгөнгө аракет кылган жаран камалды

Ат-Башы районунда аялын коркутуп, үйдү өрттөп жиберүүгө аракет кылган жаран камакка алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБнен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-июнь күнү Ат-Башы айылынын 1989-жылы туулган тургуну мас абалында жубайын бычак менен коркутуп, үстүнө жана үйдүн ичине бензин чачып, ширеңке издеп чыккан учурда аялдын туугандары милицияга кабарлашкан. Шектүү өз убагында кармалып, 177-берене (Үй-бүлөлүк зомбулук) боюнча кылмыш иши козголду. Тергөө иштери уланууда.