"Эркин-Тоо"

Аянты 51 000 м². Стамбулда уникалдуу китепкана пайда болду

Стамбул шаарынын Эйүпсултан кичи шаарында 18-кылымдан калган мурдагы Рами казармасында чоң китепкана ачылды. Бул тууралуу Түркиянын Маданият жана туризм министрлиги билдирди. Стамбул шаарында ачылган Рами китепканасын ачуу үчүн Түркия бийлиги баалуу материалдары боюнча реставрация, көптөгөн реконструкция жана курулуш иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада Түркияда гана эмес, Европада эң өзгөчө, эң алдыңкы саналуу китепканалардын катарына кире алган маданий жай пайда болгон.

Китепкана жайгашкан Рами казармасынын кампусунда 4 200 кишилик отургучтар, ымыркай жана балдар китепканасы, санариптик китепкана, жаштар китепканасы, чоңдор үчүн китепкана жана ар кандай адистештирилген китепканалар ачылган. Маданий жай окурмандар үчүн 24 саат бою иштейт.

Архив жазууларында белгилүү болгондой Рами ферма казармасы Осмон дөөлөтүнүн султаны III Мустафанын (1757-1774) доорунда Улуу Вазир Рами Мехмет Паша тарабынан тургузулган. Республикалык мезгилде да аскер кызматын өтөгөн казарма 1960-жылга чейин активдүү колдонулган. Казармада реставрация иштери 2014-жылы башталып, 2023-жылы Түркиянын эң маанилүү китепканаларынын бирине айланды. Ал 51,000 м² ландшафттуу аянты, 36,000 м² жабык бөлүмү, 2,5 миллион томдук китеп баткан 220 м² окуу залдары менен Европадагы «Эң чоң ички пейзаждуу китепканалардын» катарына кошулганын да белгилейбиз. Гектарлаган жашыл аянтынан тышкары китепканын тегерегинде бак-дарактар менен курчалган 1000 м² жасалма көлмө да бар.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!