"Эркин-Тоо"
Аймак Жаңылыктар

Аюб-Тоого жаңы «Манас» стелласы коюлду

Үстүбүздөгү жылдын 11-октябрында Манас шаарындагы Аюб-Тоодо бийиктиги 8 метр болгон «Манас» стелласынын ачылышы болуп өттү.

Иш-чарага Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Эске сала кетсек, Жалал-Абад шаарынын аталышын Манас деп өзгөртүү демилгесин Жогорку Кеңеш 10-сентябрда жактырган. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга 17-сентябрда кол коюп, 27-сентябрда күчүнө кирген. Мындан улам шаардын кире беришиндеги «Жалал-Абад» стелласы «Манас» болуп өзгөртүлдү.