"Эркин-Тоо"

Аз камсыз болгон 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет

Жакырчылыкты жоюу максатында, 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Анын айтымында, бул үчүн бюджеттен 2 млрд сом каралган.

«Социалдык коргоо чөйрөсүнө жөлөкпулдар: 2 жылда үч этап менен көтөрүлдү. Мындан тышкары Президенттин социалдык контракт демилгеси ишке кирди. 100 миң сомдон берүү жакырчылыкты жеңүүнүн эффективдүү модели катары башталды. 2023-жылы 10 миң үй-бүлөгө берилди, натыйжада: 50 миң адамдын жашоо-шартын жакшыртып, 30 миңдей жумуш орундарын түзүүгө өбөлгө болууда. 2024-жылы 20 миң үй-бүлөгө берилет, ага 2 млрд сом каралды», — деди ал.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!