Бишкек шаарындагы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин коррупцияга кокодон батып калганы, көр сатуу менен миллиондогон каражат топтоп келгени буга чейин кеңири айтылган. Төрөхан Жунусбеков аталган агенттикти былтыртан бери жетектеп келе жатат. Биз ага айрым суроолор менен кайрылдык.
— Төрөхан Бейшенбекович, Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигине барганыңызга бир жылдан ашты, ичиндеги кырдаал боюнча маалымат берсеңиз?
— 2022-жылы Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Мырзакулович чакырып, “Жогорку Кеңеште иштедиңиз, динде жүрөсүз, сизге ылайыктуу бир кызмат бар, 30 жылдан бери башаламандык өкүм сүрүп келе жатат, бир тартипке келтирип берсеңиз,” деп суранды. Ошол маалда эле Улан Эгизбаевдин иликтөөсү көз алдыма тартылды. Анда мүрзөлөрдү түрк улутундагы жарандар ээлеп алып, ызы-чуу салып жүргөн сюжеттерди көз алдымдан өткөрдүм да, дароо эле ал жердеги “мафияга” алым жетпейт, күрөшкүм дагы келбейт дедим. Бирок, суранышты. Анда силер мага жардам бергиле, вицемэрлерге чейин ал жакка аралашып калган, мени кийин иштетпей бут тоспосун деп келиштик. Макулдашкандан кийин кызматка барсам банкроттук абалга жетип калган ишкана экен. Чарбалык эсеп менен иш жүрүп, кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акчага айлык берилип, башка төлөмдөр жүргүзүлөрүнө күбө болдум. Кызмат көрсөтүп, каражат табыш үчүн кайтыш болгондорду тейлөөгө жардам берүү керек. Ал боюнча маалымат ШИИБге берилет, алар “Феникс” деген жеке компания менен келишим түзүп алыптыр. ШИИБге бир нече ирет кайрылдык, “келишим түзүлүп калыптыр, бүтөрү менен кызматташабыз” дейт дагы, жыл башында кайра эле уланта беришет.
— Жеке кызыкчылык барбы?
— Болбосо биз менен иштешпейт беле. Азыр бизге өздөрү издеп келсе гана кызмат көрсөтөбүз, ал эми милиция менен жеке компания чогуу барышат. Мындан сырткары, мекеме миллиондогон карызга батып, кадрлык башаламандык өкүм сүрүп калыптыр. Ошонун баарын иретке келтиргенге киришип, шаардын үстү жагындагы чоң көрүстөндү ээлеп алган түрк улутундагы жарандардын өзүм билемдигине туш болдук. Алар 30 жылдан бери каалаганын кылып, ичине чейин кирип контейнерлерин коюп, жайгашып алышыптыр. Мен бир айдай иштегенде алар чогулуп келип, “Бизди кетирүүгө аракет кылам деп ойлобо. Биз 1973-жылы көрүстөн ачылгандан бери ушул жердебиз, акчабыз да, тааныштарыбыз да бар. Эгер бизди кубалайм десең, жаманатты кылып жумушуңдан кетиребиз. Сендейдин далайын көргөнбүз, коркпойбуз. Ал эми бизге тийишпесең бул жакта эч кандай көйгөй болбойт, ай сайын белгиленген бир сумманы берип турабыз” деген талап коюшту. Мен тартипке келтирүүнү көздөп келген үчүн алардын талабынан баш тартып, укук коргоо органдары жардам бербей койгонуна карабастан былтыр жайында өзүбүз күч топтоп барып чыгарууга аракет кылдык. Алар дароо ызы-чуу салып, милиция чакырып, көбөйүп кетишти. Биздин айрым кызматкерлер да алар менен иштешип калгандар экен, кетенчиктеп туруп алышты. Жыйынтыгында чыгара албай калдык.
— Демек, ошондон баштап каршы чабуул күчөдүбү?
— Алардын талабын аткарбай, тартипти орноторумду сезди окшойт, мэрия тараптан чабуул башталды. Эки вице-мэр мени кетирүүгө аракет жасап башташты. Ичиндеги кызматтар сөз жүзүндө бизди колдоп, ал эми иш жүзүндө каршы аракеттерди жасап жатышты. Негизи көрүстөндөгү башаламандыкты ошолор жоюп, ичиндегилерди чыгарышы керек болчу, бирок тийишпеди. Мэрияны карасак, Жогорку Кеңештин депутатынын, мурунку мэрдин курулуштарын талкалап жатты, ал эми биз тигил жерден мыйзамсыз жайгашкан жарандарды чыгарып бергиле деп кайрылсак, аткарышкан жок. Этегинде бизди камаганга аракет кылып, иштеген жумушчуларды кыйнап, “жетекчиңерге каршы бир эле сөз айтып койгула, аны камайлы” деп үйгө чейин ээрчип, аңдып келип жатышты. Тийиштүү жерлерге кайрылдык, мэрдин жана УКМКнын төрагасынын кийлигишүүсү менен токтоттук.
— Шаардык кеңештин депутаттары дагы кара-пиар жасашты окшойт?
— Тартип киргизип, ички башаламандыкка жол бербей, бардык чараларды көрдүм. Булар өздөрүнө ыңгайлуу директорду коюп, үстүнөн тапшырма берип, учуру келгенде садага чаап кутулуп турушкан. Мен мыйзамсыз бир дагы буйрукту аткарбадым. Анан баары биригип кетирүү иш-аракеттерин жүргүзүп, ички аудитор аркылуу жок кылмышты жаздырып, аны журналисттерге тараттырды. Депутаттар аркылуу сүйлөтүштү, иши кылса колдорунан келген ар кандай кысымдарды көрсөттү. Акыры бир күнү чакырып, “Арызыңды жаз, бардыгын жабабыз, болбосо каматтырабыз” деди. Мен айттым, камалгандан коркпойм, камалып чыгып жүргөм, тартипти орнотмоюнча кетпейм деп. Көрсө, булар коркутуп көнүп алыптыр. Камалгандан баары коркот да, арызын жазып кетип калышат экен. Мен көшөрдүм. Аза кызматынын иши тууралуу эски видео, иликтөөлөрдү колдонуп тынбай каралай баштаганда сотко бердик. Далилдерди берип, утуп чыктык. Албетте, кимдер жаздырганын билем, арасында мэриянын жогорку кызматтагы адамдары бар. Азыр эми аларды айтып ызы-чуу чыгаргым келбейт, убагы келгенде айтабыз.
— Көрүстөндүн ичинде бизнес кылгандардын тагдыры эмне болду?
— ШИИБдин кызматкерлери биз чыгарабыз деп бир нече ирет убада берип, бирок аракет да кылган жок. Анан тигилер менен табакташ болгон кызматкерлерди кетирип, жаңыларын алдык, атайын топ түздүк. Бир күндү белгилеп, өзүбүз чоң крандарды жалдап барып, ичинен сүрүп чыгардык. Бирок, алар кетпей, азыр дагы жээгин ээлеп отурушат. Кошумчалай кетерим, ошого чейин түндөп-күндөп көрүстөнгө сөөктү мыйзамсыз коюулар жүрүп турган. 3-4 жолу изине түшүп, бирок кармай албай калдык. Анткени, биздин кызматкерлердин арасынан маалымат берип тургандар болгон. Жаңы топ түзгөндөн кийин барып кармадык. 3-4 жолу кармап, сүрөт, видео тартып, өзүнүн көрсөтмөсү менен далилдеп ИИМге өткөрүп бердик. Алар бир күн кармап, чыгарып жиберип жатты. Акыры шаардык прокуратурага жазып, жазасын алды. Арийне, мындай аракет менен тартипке келтирүү мүмкүн эместигине көз жетип, мыйзам керектигине ынандык. Буга чейин бул жаатта мыйзам болгон эмес. Депутат Марлен Маматалиев жазып, жакында 1-окуудан өттү. Мыйзам кабыл алынып калса, адамды акыркы сапарга узатуу жаатында чоң реформалар жүрөт.
— Мыйзамга эмнелер камтылды?
— Эң башкысы, сугат жерлер көрүстөнгө айландырылбайт. Азыр Бишкектин тегерегиндеги айылдарда мүрзөлөр өтө көбөйүп кетти. Бишкекте көрүстөн жок болгондугуна байланыштуу тегерек-четтеги айыл өкмөттөргө, айылдык кеңештер чыгарган токтомго ылайык 20-30 миң сомдун тегерегиндеги акчаны берип коюп жатышат. Бишкектики Гроздь айылында турат, шаардан 30-40 чакырым алыс. Айтор, сугат жерлерди сактап калуу максатында жаңы мүрзөлөрдү дөңсөөлөргө, суу чыкпаган тоо этектерине уюштурулсун, ал эми эски мүрзөлөр пайдаланылсын деп жаздык. 35 жылдан өтүп кеткен эски мүрзөлөрдү жергиликтүү кеңештер менен биргеликте комиссия түзүп, ордуна мейманкана, мечит же бала бакча салабыз десе уруксат берилет. Андай мүрзөлөр толтура, 100 жылдан ашып кеткендери бар. Ислам дининде 25 жылдан кийин кайра колдонгонго уруксат берилет. Биз 35-40 жыл деп жатабыз. Мындан сырткары, жаңы мыйзамга крематорийди киргиздик. Анткени, түрк, орус жарандар бизге коюп бергиле деп талап кылып жатат. Өнүккөн өлкөлөрдө, Россиянын ар бир облусунда бар. Белгилеп кетерим, бул ар бир адамдын каалоосу менен ишке ашат. Мэрия бекитип берген чыгымын өзү төлөйт. Мунун дагы бир жакшы жагы, жугуштуу оору менен ооруган малды да өрттөп кутулсак болот. Азыр жерге көмүп, үстүн бир метр бетондоп, анан санитардык аймак деп кайтарат. Крематорий курулса бул түйшүктөн арылабыз. Жазында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов крематорий ачкыла деп кат жолдогон. Мэрия быйылкы жылдын бюджетине каралбай калган үчүн кийинки жылга жылдырган.
— Улан Эгизбаев айткан көрүстөндөгү коррупция бар бекен?
— Ооба, бар экен. Мыйзамда көрсөтүлбөсө акча төлөп, алдын ала ээлеп койгон учурлар арбын болгон. Бүгүнкү күндө да Ала-Арча көрүстөнүндө 70- 80дей ээлеп койгон жай бар, башка көрүстөндөрдө деле турат. Муну “атам кайтыш болду, жанына апама жер берип койгула” деп чоңдор өздөрү суранышат экен. Аны токтотуш өтө кыйын экен. Ошондуктан, ачык калтырбай, мыйзамдаштырып коюш керек.
Кылычбек КУДАЙБЕРГЕНОВ
№104 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 29-декабры