"Эркин-Тоо"
Аймак Аймактарда

Азамат Кожомамбетов Алай районунун акими кызматынан бошотулду

Азамат Кожомамбетов Алай районунун акими кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Ош облусунун Алай районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Кожомамбетов Азамат Асанбекович берген арызына ылайык ээлеген кызмат ордунан бошотулду», — деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, Азамат Кожомамбетов Алай районунун акими болуп 2023-жылдын августунда дайындалган.