– Азамат Маматович, жакындан тарта сиз жетектеген мекеме Президенттин алдындагы жаңы агенттик болуп түзүлдү. Мындан улам кандай өзгөрүүлөр орун алды?
– Биздин мекеме буга чейин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия болуп аталып, өлкөдө дин жаатындагы иштерге жооптуу болчубуз. Жакындан тарта КРнын Президентине караштуу “Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик” болуп түзүлдүк. Анын алкагында агенттиктин курамында этностор аралык мамилелер боюнча жаңы башкармалык түзүлдү. Негизинен иш функциябыз жана жоопкерчилик кеңейди. Кыргызстан көп улуттуу өлкө. Мындан ары этностор аралык, диний, маданий байланыштар боюнча иштер камтылат.
– Сентябрь айынын баш ченинде Бишкекте түрк тилдүү мамлекеттердин муфтийлери жолугушту. Бул жолугушууда кандай маселелер көтөрүлдү?
– Бишкекте өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Муфтийлеринин саммитин өткөрүү, ага даярдык көрүү иштери толугу менен Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашты. Түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген дин ишмерлерин Мамлекет башчысы Садыр Жапаров өзү кабыл алып, дин жаатындагы маселелер боюнча пикир алмашты. Бул кадамдар мамлекеттин дин саясатына мамилесин, колдоосун айгинелеп турат. Ал эми саммиттин алкагында түрк тилдүү өлкөлөр ортосундагы бирдиктүү фатвалар, диний чечимдерди кабыл алуу өңдүү маселелер каралды. Аны менен катар бул жолугушууда диний радикализмдин алдын алуу көйгөйлөрү да талкууланды.
– Мындан 9 ай мурда Президент Садыр Жапаров дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамга кол койгон. Бул мыйзам күчүнө киргенден кийин эмнелер өзгөрдү?
– Негизинен соңку 30 жылдан бери мамлекеттен диний чөйрөгө жетиштүү көңүл бурулбай келгенин моюндасак болот. Анын кесепети бир катар маселелерди ачыкка чыгарган. Мындан улам дин жаатындагы мыйзамдык базаны жаңылоо, бекемдөө аракеттери башталган. Ошол эле, диний билим берүүдөгү көйгөйлөр, диний ишмердүүлүк жүргүзүүнү тартипке салуу үчүн жаңы мыйзамдар менен толуктоолорго муктаждык бар болчу. Анын алкагында 2025-жылдын 21-январында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзам кабыл алынды. Мыйзам VI глава, 40 беренеден турат. Мыйзам күчүнө киргенден баштап диний бирикмелер, диний билим берүү, диний уюмдарды каттоо иштерине өзгөрүүлөр кирди. Ушу тапта өлкөдөгү диний багыттагы билим берүү жайлары, уюмдар аталган жаңы мыйзамдардын талаптарына ылайык өздөрүнүн жоболорун иштеп чыгууда. Негизинен кызмат көрсөтүүлөрдү толугу менен жөнөкөйлөштүрүү жана бюрократиядан арылтуу башкы максаттардан болуп эсептелет. Мисалы, мурда бир мечитти каттоо үчүн 200 кишинин колу чогултулчу. Азыр тиешелүү эки мамлекеттик мекеменин документ кагаздары менен каттоодон өтөт. Жаңы мыйзам диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаттын ырааттуулугун камсыз кылат.
– Даабат айтуу эрежелери жана бетин толугу менен жапкан кийимдер боюнча маселелер кандай чечилди?
– Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө мыйзамда үйлөрдүн эшигин каккылап, дин маселелелерин айтууга тыюу салынды. Бул бардык конфессияларга, диний бирикмелерге тиешелүү болуп эсептелет. Маалымат жеткирүү, даабат айтуунун өзүнө тыюу салынган жок. Элге маалымат жеткирүүнүн көп түрлөрү бар. Мисалы, көчөлөрдө, сейил бак, эл топтолгон жерлерден жарандарды мечитке чакыруу, баяндарды угууга үндөө, дин тууралуу маалыматтарды айтууга чектөө киргизилген жок. Ал эми даабатка кимдер чыгаары, бардык эрежелери муфтият, Аалымдар кеңеши, мечит имамдары менен бирге чечилет. Ошону менен катар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, диний кийимдерди колдонуу укугу корголгон. Коомдук жайларда жана билим берүү мекемелеринде бетин толугу менен жаап, адамдын өздүгүн аныктоого мүмкүнчүлүк бербеген кийимдерди кийүүгө мыйзам чектөө коет. Коомдук жайларда бетин толугу менен чүмкөп алгандарга атайын айып пул да каралды. Бул чектөөлөр коомдук тартипти, коопсуздукту, адам укуктарын сактоого багытталат.
– Мындан 3 жыл мурда Президент маркумду акыркы сапарга узатуу, той-аш, мааракелердеги ысырапкорчулукка бөгөт коюуга арналган Жарлык чыгарган. Анын алкагында кандай иштер аткарылууда, чынында эле ысырап азайганы байкалдыбы?
– Салыштырмалуу ысырапкорчулук азайганын белгилөөгө болот. 2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Президентинин “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” №54 Жарлыгы чыккан. Муфтият сөөк коюуга байланыштуу фатва чыгарган. Сөөк чыккан үйдө алгачкы үч күн мал союуга, келгендерге тамак-аш берүүгө тыюу салуу каралган. Биздин агенттик тарабынан Жарлык жөнүндө калк ичинде сурамжылоо жүргүзүлгөн. Сурамжылоонун жыйынтыгында калктын басымдуу көпчүлүгү Жарлыкты колдоп, ысырапкорчулукка каршы экендиктерин белгилешкен. Мында ысырапкорчулукка баруунун негизги себептери катары: “куру намыс, эл көрсүн, атаандаштык, эл эмне дейт?” деген түшүнүктөр экени аныкталган. Негизинен бул маселе боюнча Улуттук Агенттик дин кызматкерлери менен тыгыз иштөөнү улантып келет.
– Жогоруда жаңы диний билим берүүнүн бирдиктүү стандарты иштелип чыкканын белгиледиңиз. Аны менен катар жакында Токмок шаарында Ислам академиясы ачылды, бул окуу жай өз ишмердүүлүгүн кандай жүргүзөт?
– Өлкөдө диний билим берүү жаатын тартиптештирүү иштери активдүү жүргүзүлүүдө. Анын алкагында Кыргызстандагы бардык диний билим берүү мекемелерине багытталган жаңы программа иштелип чыкты. Алгач жалпы орто билимге ээ болуп, андан кийин диний билим алууга өзгөчө басым коюлат. Аны менен катар жакында Президенттин Жарлыгынын негизинде Токмокто мамлекеттик Ислам академиясы ачылды. Академия Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин алдында ачылды. Бирок, Академиянын дин программасы, окуу адабияттары боюнча бардык маселелери биздин агенттик жана муфтият аркылуу ишке ашат. Бул иштер өлкөдө диний кызмат көрсөтүү, диний билимдин сапатын жогорулатууга багытталат. Ислам Академиясынын ачылышы – учурдун талабы болчу. Академиядан дин ишмерлери квалификациясын жогорулатууга мүмкүнчүлүк алышат. Билимдүү, гумандуу, жаңы көз караштагы диний кадрлар даярдалып чыгаарына ишенебиз.
– Ушу тапта болжолдуу түрдө чет өлкөлөрдө канча мекендешибиз диний багытта билим алып жатат?
– Азыр 2000ден ашуун мекендешибиз чет өлкөдө диний багытта билим алууда. Жакында чет өлкөдөн дин жаатында билим алам деген жарандар үчүн жаңы талаптар кирди. Дин жаатында билим алууну каалагандар алгач, биздин агенттикке кат же онлайн түрүндө кайрылышат. Кайрылуусунун негизинде жаран тандаган окуу жай тууралуу маалыматтар такталат. Анткени Улуттук агенттиктин атайын базасында салттуу ислам багытындагы билим берген чет өлкөлүк окуу жайлардын тизмеси бар. Окуй турган окуу жайы тууралуу маалыматтар такталгандан кийин биз тараптан жаранга багыттама берилет. Мындай жаңы талаптардын киргизилиши, мекендештерибиздин коопсуздугун камсыздоого багытталат. Ушуга улай, Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен чет өлкөдө дин багытында билим алган жарандарга тиешелүү маалыматтарды аныктап, бул жааттагы маселелерди чечүү багытында ведомство аралык комиссия түзүлдү. Аталган комиссия чет жерде диний билим алып жүрөн жарандар тушуккан маселелерди аныктоо ишин колго алмакчы.
– Айрым жарандарыбыз кээде азгырыктардын курманы болуп, согуш болуп жаткан өлкөлөргө барып калууда. Мындан эки-үч жыл мурдараак Сирияга адашып баргандар көбүрөөк болгон. Учурда абал кандай?
– Тиешелүү адистер менен биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштери колго алынган. Тилекке каршы, интернет, соц. тармактар аркылуу туура эмес маалыматтарга азгырылып кеткендер кездешет. Мисалы, Сириядагы окуялар башталган алгачкы жылдары, бул өлкөгө азгырылып кеткендер көбүрөөк болгон. Учурда бул жаатта салыштырмалуу абал туруктуу. Бул маселеге мамлекетибиз олуттуу карап, согуш жүрүп жаткан аймактан көптөгөн мекендештерибиз кайтарылып келген. Кайтып келген жарандар реаблитациядан өтүп, кадимки жашоого аралашууда. Алар менен теолог, психологдор иш алып барышат. Мамлекеттик органдар арасында мындай иштердин алдын алууга багытталган бирдиктүү план бар. Анын алкагында кечиктирилгис чаралар көрүлүп келет. Экстремисттик, террористтик багыттагы маселелер боюнча укук коргоо органдары дыкат иштерди алып барышат.
– Ал эми дин мыйзамдарында шайлоонун үгүт иштерине динди аралыштырбоо боюнча атайын беренелер бар эмеспи. Жакында өтүүчү парламенттик шайлоодо аталган беренелер иштейби?
– Мыйзамдарда шайлоонун үгүт иштеринде диний логотип, диний терминдерди колдонууга бөгөт коюлган. Дин кызматкери саясатка бара турган болсо, дин жаатындагы ишмердигин тапшырып, 5 жылдан кийин гана катышууга укугу бар.
– Коомдо орун алган зордук -зомбулуктардын алдын алууга үгүт, маалымат айтуу менен салым кошо алабызбы?
– Зордук-зомбулук – бул коомдун негизги моралдык жана социалдык баалуулуктарына коркунуч келтирген олуттуу көйгөй. Бул көрүнүштү алдын алуу жана азайтуу – мыйзамдык, диний жана коомдук деңгээлде көп тараптуу аракетти талап кылат. Коомчулуктун аң-сезими, үй-бүлөнүн ички баалуулуктары, имамдар жана коомдук лидерлердин активдүү катышуусу — үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууда эффективдүү жолдордун бири болуп эсептелет. Диний кызматкерлер бул багытта алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүп, үй-бүлөлүк зомбулуктун кесепеттерин өз баяндарында, коомдук жыйындарда системалуу түрдө коомчулукка жеткирип келишет. Алардын маалымдоосу үй-бүлөлөрдө жана айыл-аймактарда аң-сезимди жогорулатып, коомчулукту зомбулукка каршы турууга үндөйт.
Азирети муфтий Абдулазиз кары Закиров: «Боорукер болуу – эрдик, мээримдүү болуу – бийиктик»
Кыргызстандын муфтийи Абдулазиз Закиров коомчулукка кайрылып, эркектерди аялзатына урмат-сый көрсөтүүгө чакырды. Муфтий «Алла Таала эр-азаматтарды күч, акыл, жоопкерчилик менен сынап койгон. Бул күчтү зулумдукка эмес, боорукерликке жана коргоого жумшоо – чыныгы эрдик» экенин баса белгиледи.
«Ата катары – биз кыздарыбызды аруу сактап, уулдарыбызды адеп-ахлакка, ыйманга тарбиялап, үй-бүлөнү коргоп, балдарыбызга мээрим жана камкордук менен үлгү болууга милдеттүүбүз. Ата – үйдүн тиреги. Тирек бекем болсо, үй бекем болот. Ага катары – ар бир эр-азамат коомдогу кыз-келиндерге өз карындашындай аяр мамиле кылышы зарыл. Алардын абийирин, кадыр-баркын жана коопсуздугун коргоо – биздин мусулмандык жана инсандык парзыбыз. Ал эми ини катары – эже-карындаштарыбызга, апаларыбызга ар дайым жардамчы болуу, оорун колдон, жеңилин жерден алуу – бул биздин милдетибиз». деди Кыргызстандын муфтийи.
Мээрим Бактыбек кызы

